# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы №508 " Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы №508 " Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 508
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13011/edition/1142563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы №508 " Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо жөнүндө"токтому (15.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59414

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-сентябры N 508

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника

менен камсыздоо жөнүндө

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникасы менен камсыз кы-

луу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

Кытай Эл Республикасынын "ҮТО" корпорациясынан тракторлордун жана

айыл чарба техникаларынын комплекттөөчү тетиктеринин партиясын бир бу-

лактан сатып алуу ыкмасында ишке ашырууга жана Чүй облусунун Кара-Балта

шаарындагы өндүрүштүк комплекстин базасында чогултууну уюштурууга Кытай

Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунун каражаттарынан

"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына 74,0 млн. сом бөлсүн;

- 74,0 млн. сом суммасында кредит берүүгө "Кыргызресурстары" мам-

лекеттик ишканасы белгиленген тартипте карыздык милдеттенмени таризде-

син;

- Кара-Балта шаарындагы заводдо чогултулган тракторлор жана соко-

лордун 111 бирдик санындагы айыл чарба техникасын өткөрүп берүү аркылуу

кайтарып берүү мөөнөтүн 2009-жылдын 1-мартыначейин белгилесин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун редакциясына ылайык)

2. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:

- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунан

74,0 млн. сом суммасындагы кайтарылып берилүүчү каражатты 111 бирдикте- ги тракторлорду жана соколорду кийинки чогултууну уюштуруу үчүн кытай айыл чарба техникаларынын комплекттөөчү бөлүктөрүн сатып алууга жумша- сын;

- Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда "ҮТО-704" марка-

сындагы тракторлорду жана соколорду чогултуу өндүрүшүнүн техника- лык-экономикалык негиздемесин белгиленген тартипте бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги менен бирдикте Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" за- водунда чогултуу пландаштырган тракторлорго жана айыл чарба техникала- рына суроо-талапты изилдесин жана кредиттик күрөөлүк документтерди кий- инки тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эконо- миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна берсин;

- Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда "ҮТО-704" марка-

сындагы тракторлорду (111 бирдик) жана соколорду 2009-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө чыгарууну камсыз кылсын;

- кийинки жылдарда тракторлорду жана айыл чарба техникаларын чо-

гултуу боюнча Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунун үзгүлтүк- сүз иштешин камсыз кылсын. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:

- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунун

акча каражаттарына сатып алынган товарларды кийин "бажы кампасы" бажы режиминде кайра иштетүү продуктуларын жайгаштыруу менен "Кыргызресурс- тары" мамлекеттик ишканасы тарабынан товарларды "бажы контролунда кайра иштетүү" бажы режимине жайгаштырууну белгиленген тартипте ишке ашырышын карасын;

- Кара-Балта шаарындагы өндүрүштүк комплекстин базасында бажы кам-

пасынын ээси катары иш-аракет жүргүзүүгө "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына лицензия берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте кара- сын;

- шарттуу эсептелген бажылык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмени

айылдык товар өндүрүүчүлөргө көрсөтүлгөн айыл чарба техникалары берил- ген учурдан тартып токтотулду деп эсептесин.

4. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Респуб-

ликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте:

- "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товар-

дык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчү- лөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык айыл чарба техника- ларын бөлүштүрүүнү жүргүзүшсүн;

- кредиттик-күрөөлүк документтерди өз учурунда тариздөө үчүн Кыр-

гыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиялардын протоколдук чечимин беришсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүк-

түрүүнүн мамлекеттик фонду айыл чарба техникаларын алуучулар менен тө- мөнкүдөй шарттарда кредиттик-күрөөлүк келишимдерди белгиленген тартипте түзсүн:

- заемдук каражаттарды пайдалануу үчүн проценттерди албастан 10

жылдын ичинде кредитти кайтарып берүү;

- айыл чарба техникаларынын баасын эске алуу менен кеминде 130

процент өлчөмүндө ликвиддүү күрөө менен камсыз кылуу.

6. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына бажы жана салык тө-

лөмдөрү, айыл чарба техникаларын кабыл алуу, сактоо, чогултууну уюшту- руу жана алуучуларга берүү боюнча чыгымдарды жана башка ички чыгымдарды жабуу үчүн айыл чарба техникаларынын комплекттөөчү запастык бөлүктөрү- нүн наркына карата 2009-жылдын 1-мартына 15 процент өлчөмүндө үстөк колдонууга уруксат берилсин. Айыл чарба техникаларын берүү кредит алуучуларда кредиттик, күрөө- лүк келишимдери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эко- номиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун тиешелүү коштомо каты бол- гондо гана жүргүзүлсүн. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
