# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 "Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук Фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 "Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук Фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 507
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13010/edition/328569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 "Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук Фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө" токтому (11.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59413

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-сентябры N 507

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук

Фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20 жана 32-статьяларына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы

Чоњ-Сары-Ой айылдык округунун аймагында жайгашкан жана мурда бөлүп бе-

рилген жер участогунун жанындагы жалпы аянты 11,8 га жерди Курманжан

Датка атындагы Кайрымдуулук Фондуна ижара келишими шартында төмөнкүдөй

мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

- 49 жылдык мөөнөткө - бак өстүрүү жана Курманжан Датка атындагы

тарыхый-мемориалдык комплекс куруу үчүн - 7,64 га;

- 5 жылдык мөөнөткө - парктык-пляждык зона уюштуруу үчүн - 4,16

га.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-

дагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары" ка-

тегориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта

жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен

камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

колдонуудагы ченемдерге жана эрежелерге ылайык шаар куруу докумен-

ттерин макулдашууну жана бекитүүнү;

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-

юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-

нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын Курманжан

Датка атындагы Кайрымдуулук Фондунун төлөшүн;

Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук Фондунун Ысык-Көл облусунун

Ысык-Көл районундагы Чоњ-Сары-Ой айыл өкмөтү менен ушул токтомдун

1-пунктунда аталган жерлерди ижаралоо жөнүндө келишим түзүүнү.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
