Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
« Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө жобо» (КР Окмотунун токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-июлундагы
№ 390 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик
эмгек инспекциясы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-
лигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы (мындан ары - Мамлекет-
тик эмгек инспекциясы) Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо
жөнүндө мыйзамдарын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө
карабастан ушул мыйзамдар тиешелүү болгон бардык уюмдар, жеке адамдар
тарабынан сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзүүчү
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин
ведомстволук бөлүмчөсү болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, "Мамлекеттик
кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буй-
руктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйрукта-
рын, эмгектик укук, эмгекти коргоо нормаларын камтуучу башка ченемдик
укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктү-
рүү министрлигинин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик эмгек инспекциясы Кыргыз Республикасынын эмгек жана
эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл-
дөөнү жана контролдоону түздөн-түз өзү жана белгиленген тартипте түзү-
лүүчү аймактык органдары - райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эм-
гек инспекциялары аркылуу жүргүзөт.
4. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин
органдары, анын ичинде ички иштер органдары, мамлекеттик көзөмөл-
дөө-контролдоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу,
прокуратура органдары, профсоюз бирикмелери, иш берүүчүлөр жана башка
коомдук уюмдар менен байланышта жүргүзөт.
5. Мамлекеттик эмгек инспекциясы юридикалык жак болуп эсептелет,
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын мүлкү мамлекеттик менчик болуп эсепте-
лет жана ага оперативдик башкаруу укугунда бекитилет.
II. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын негизги милдеттери
6. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын негизги милдеттери болуп тө-
мөнкүлөр эсептелет:
- жарандардын эмгек укуктарын сактоону жана коргоону, анын ичинде
эмгекти коргоо жана коопсуздук менен гигиенанын талаптарына жооп берүү-
чү эмгек шарттарын камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдүн эмгек мыйзамдарды сактоосун камсыз кылуу;
- иш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгек мыйзамдарынын жоболо-
рун сактоонун кыйла натыйжалуу каражаттары жана ыкмалары жөнүндө маалы-
мат менен камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзам-
дарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- иш берүүчүлөр жана кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын
эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын өздөштүрүп билүүгө көмөк-
төшүү.
III. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын функциялары
7. Мамлекеттик эмгек инспекциясы өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылай-
ык төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзам-
дарынын бузуу себептерин жалпылайт жана талдайт, аларды жоюу боюнча ча-
раларды көрөт;
- өндүрүштүк бөөдө кырсыктарды белгиленген тартипте териштирет,
алардын себептерине талдоо жүргүзөт, мындай учурлардын алдын алуу боюн-
ча сунуштарды иштеп чыгат жана мыйзамдарда белгиленген учурда иш берүү-
чүлөр комиссиясынын жењил бөөдө кырсыктын өндүрүш менен байланышы жок
деген жыйынтыгын макулдашат;
- курулуш нормаларынын жана эрежелеринин (КНЭ) долбоорлору жана
алардын эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук
актылардын талаптарына шайкештиги жөнүндө башка ченемдик документтер
боюнча корутунду берет, эмгекти коргоо боюнча тармактык жана тармактар
аралык нормалардын жана эрежелердин долбоорлорун карайт жана макулда-
шат;
- мыйзамда белгиленген учурларда вахталык ыкма боюнча иштөөнүн
узактыгы жөнүндө макулдашат;
- райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эмгек инспекциясынын
ишин жетектейт жана ага контроль жүргүзөт;
- райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эмгек инспекциясынын
ишине уюштуруучулук жана методикалык жетекчилик кылууну камсыздайт;
- Мамлекеттик эмгек инспекциясынын Кыргыз Республикасынын эмгек
жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышын контролдоо жана
көзөмөлдөө боюнча ишмердиги жөнүндө докладды даярдайт жана белгиленген
тартипте Эл аралык эмгек уюмуна (ЭЭУ) берет;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-
ги аркылуу республикадагы эмгекти коргоо жана анын шарттары, өндүрүш-
түк, өрт жана жол коопсуздугунун абалы жөнүндө ар жылдык докладды Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
- уюмдарга текшерүү, изилдөө жүргүзүү, эреже бузууларды четтетүү
жөнүндө милдеттүү түрдө аткаруу үчүн буйрутмаларды берүү, мыйзамдарга
ылайык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу аркылуу эмгек жана эмгекти
коргоо жөнүндө мыйзамдардын уюмдарда сакталышына мамлекеттик көзөмөл-
дөөнү жана контролдоону жүргүзөт;
- балдардын эмгегин пайдаланууга инспекциялоону жүргүзөт;
- өндүрүштүк кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүүдө жана
эсебин алууда белгиленген тартиптин сакталышына контроль жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук
бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
- өндүрүштүк мертинүүнүн жана кесиптик оорулардын абалы менен се-
бептерин талдайт жана алардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- кызматкерлердин эмгек укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин
жүргүзөт, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин эмгекти коргоо боюнча
окуусуна көмөк көрсөтөт;
- уюмдарда эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын жана че-
немдик укуктук актылардын бузулушу тууралуу аныкталган маалыматты коом-
чулукка жарыялайт;
- мамлекеттик эмгек инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу
боюнча иш жүргүзөт;
- жарандарды кабыл алат, жарандардын эмгектик укуктарынын бузулушу
жөнүндөгү арыздары, даттануулары жана башка кайрылуулары боюнча кон-
сультация берет жана аларды карайт, табылган укук бузууларды четтетүү
жана бузулган укуктардын калыбына келтирүү боюнча чара көрөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик эмгек инс-
пекциясына жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашырат.
IV. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын ишин уюштуруу
8. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын ишмердигин жетектөөнү Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасы-
нын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынын кызматка дайындалуучу жана
кызматтан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүк-
түрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын дирек-
тору (мындан ары - Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору) жүргү-
зөт.
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору кызматы боюнча Кыргыз
Республикасынын башкы мамлекеттик эмгек инспектору катары таанылат.
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору.
- Мамлекеттик эмгек инспекциясына жетекчиликти бир башчылыктын не-
гизинде жүргүзөт жана жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын өз уба-
гында сапаттуу аткарылышы, ага берилген укук жана жүктөлгөн милдеттер-
дин тиешелүү түрдө ишке ашырылышы, анын ичинде отчеттук маалыматтын
аныктыгына, финансы-чарбалык нормалардын сакталышы үчүн жекече жоопкер-
чилик тартат;
- жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдеринин тиешелүү түр-
дө аткарылышын камсыз кылат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде буйрук чыгарат жана көр-
сөтмө берет, алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
- Мамлекеттик эмгек инспекциясынын кызматкерлерин (Мамлекеттик эм-
гек инспекциясынын директорунун орун басарынан, райондор аралык жана
шаардык мамлекеттик эмгек инспекциясынын начальниктеринен, Мамлекеттик
эмгек инспекциясынын башкы бухгалтеринен тышкары) Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, фун-
кциялык милдеттерди бекитет, алардын кесиптик квалификациясын жогорула-
туусун уюштурат, алардын мыйзамдарды, кызматтык жана аткаруучулук тар-
типти, ички эмгек тартибинин эрежелерин сакташы боюнча чара көрөт,
аларды сыйлоо жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин, ошондой
эле алардын мамлекеттик кызматты өтөөсү менен байланышкан башка маселе-
лерди чечет;
- иш кагаздарын жүргүзүү нормаларын сактоону, документтердин сак-
талышын жана алардын белгиленген тартипте Улуттук архивдик фондун ай-
мактык органына сактоого берилишин камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жогору турган органдар-
дын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
9. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунун бир орун басары
болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыр-
гыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри тарабынан
кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунун орун басары түз-
дөн-түз Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директоруна баш ийет жана Мам-
лекеттик эмгек инспекциясынын ишин ага жүктөлгөн милдеттердин жана ый-
гарым укуктардын чектеринде уюштурат.
Мамлекеттик эмгек инспекторунун директору жок болгон учурда анын
милдетин орун басары аткарат.
10. Райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эмгек инспекцияларын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыргыз Респуб-
ликасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри тарабынан кызматка
дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу райондор аралык жана шаардык
мамлекеттик эмгек инспекцияларынын начальниктери башкарат.
Райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эмгек инспекцияларынын
начальниктери өзүлөрүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын буз-
гандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эмгек инспекциялары-
нын начальниктеринин жана алардын орун басарынын кызматына жогорку ин-
женердик-техникалык же юридикалык билими жана мамлекеттик кызматта иш
стажы же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзам-
дарында белгиленген адистиктер боюнча иш тажрыйбасы бар адамдар дайын-
далат.
12. Мамлекеттик эмгек инспекциянын, райондор аралык жана шаардык
мамлекеттик эмгек инспекцияларынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө
мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жана контроль жүргүзүүгө ыйгарым укук-
туу кызматкерлери мамлекеттик эмгек инспекторлору болуп эсептелет.
Мамлекеттик эмгек инспекторлорунун кызматына жогорку инженер-
дик-техникалык же юридикалык билими бар адамдар дайындалат.
13. Мамлекеттик эмгек инспекторлору белгиленген тартипте бекитил-
ген көрсөтмөлөрдүн бланкаларын жана отчеттук формасын пайдаланышат.
Мамлекеттик эмгек инспекторлорунда бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүгү,
ошондой эле аты-жөнү жана алар өкүлү болгон инспекциянын аталышы көрсө-
түлгөн жеке штампы болот.
Мамлекеттик эмгек инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда
ээлеген кызматтарына жараша айырмалоочу белгилери менен алар үчүн бел-
гиленген форманы кийүүгө тийиш.
14. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын кызматкерлерин укуктук жана
социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Мамле-
кеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Рес-
публикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик эмгек инспекторлоруна жолдо жүрүү мүнөзүндөгү иши үчүн
транспорттун кызматын пайдаланууга белгиленген тартипте төлөмдөр жүргү-
зүлөт.
15. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын, райондор аралык жана шаардык
мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык жоопкерчилик тартат.
16. Райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эмгек инспекциялары
Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте түзүлөт, өзгөр-
түп кайра түзүлөт жана ишин токтотот.
17. Райондор аралык жана шаардык мамлекеттик эмгек инспекциялары-
нын ишмердигинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери, ошондой эле фун-
кциялары жана каражаттарын түзүү булактары Кыргыз Республикасынын тие-
шелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
V. Мамлекеттик эмгек инспекторлорунун
укуктары жана милдеттери
18. Мамлекеттик эмгек инспекторлору төмөнкүлөргө укуктуу:
- эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо максатында, белгиленген
үлгүдөгү кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен тоскоолдуксуз кайсыл уба-
кытта болбосун менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга (ченемдик укуктук
актыларга ылайык аныкталган өзгөчө тартиптеги инспекторлук текшерүү
жүргүзүлүүчү уюмдардан тышкары) келүүгө;
- өзүлөрүнүн функцияларын аткаруу үчүн уюмдардын, аткаруу бийлиги-
нин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиле-
ринен жана кызмат адамдарынан, иш берүүчүлөрдөн (алардын өкүлдөрүнөн)
зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суроого жана
акысыз алууга;
- иш берүүчүлөргө (алардын өкүлдөрүнө) эмгек жана эмгекти коргоо
жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аныкталган укук бузууларын
четтетүү жөнүндө, укук бузуулардагы күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчи-
ликке тартууга же белгиленген тартипте кызматынан четтетүү тууралуу су-
нуш киргизүү менен жарандардын бузулган эмгектик укуктарын калыбына
келтирүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарын бузган
күнөөлүү адамдарды администрациялык жоопкерчиликке тартууга;
- текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын эмгек жана
эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары бузулган фактылар боюнча материалдар-
ды укук коргоочу органдарга өткөрүп берүүгө, ошондой эле сотко доо
арыздарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, эмгекти
коргоо боюнча эрежелердин жана нормалардын кызматкерлердин өмүрүнө жана
ден соолугуна коркунуч келтирүү менен бузулгандыгы аныкталган учурда,
ал бузулуштар четтетилмейинче белгиленген тартипте айрым өндүрүштүк бө-
лүмчөлөрдүн жана жабдуулардын иштерин токтото турууга;
- иш берүүчүгө (анын өкүлүнө) билдирген шартта колдонулуучу жана
иштелүүчү материалдардын жана буюмдардын үлгүсүн талдоо үчүн алууга;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын мый-
замында каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууга.
19. Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директору, Мамлекеттик эмгек
инспекциясынын директорунун орун басары ушул Жобонун 18-пунктунда көр-
сөтүлгөн укуктар менен бирге төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген,
эмгекти коргоо боюнча талаптар бузулгандыгы аныкталган учурда, ал бузу-
луштар четтетилмейинче уюмдардын ишин убактылуу токтотууга;
- мамлекеттик экспертизанын корутундусу бар болгон учурда уюмдарды
жоюу же алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн иштерин убактылуу токтотуу жө-
нүндө талапты сотко жиберүүгө;
- шайкештик сертификаты болбогон же эмгекти коргоо боюнча мамле-
кеттик ченемдик талаптарга туура келбеген учурда кызматкерлердин жеке
коргонуу жана коллективдүү коргонуу каражаттарын чыгарууга жана пайда-
ланууга тыюу салууга;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-
гине Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө ченемдик
укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- аткаруу бийлигинин органдарынан, анын ичинде ички иштер органда-
рынан жана алардын аймактык бөлүмчөлөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынан, статистикалык органдардан, прокуратура органдарынан
жана башка уюмдардан Мамлекеттик эмгек инспекциясына жүктөлгөн милдет-
терди аткаруу үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарды
суроого жана акысыз алууга;
- эмгекти коргоо жана эмгек шарттары боюнча ченемдик-укуктук, че-
немдик-методикалык жана ченемдик-техникалык документтердин тармактык
жана тармактар аралык долбоорлорун кароого жана макулдашууга;
- Мамлекеттик эмгек инспекциясынын компетенциясына кирген маселе-
лер боюнча уюмдар менен аларга акы төлөнүүчү жардам көрсөтүү жана прак-
тикалык жана методикалык жардамдын башка формалары боюнча келишим тү-
зүүгө;
- эмгекти коргоо жана эмгек шарты тармагында сунуштарды иштеп чы-
гуу маселелерди кароо боюнча убактылуу илимий-техникалык кењештерди тү-
зүүгө;
- КМШга мүчө-мамлекеттердин, чет өлкөлөрдүн көзөмөл жүргүзүү жана
контролдоо боюнча тийиштүү органдары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө,
өз ишмердигинин чөйрөсүндө эл аралык уюмдарга жана союздарга кирүүгө;
20. Мамлекеттик эмгек инспекторлору өзүнүн ыйгарым укуктарын атка-
рууда мамлекеттик органдардан көзкарандысыз жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана
башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
Мамлекеттик эмгек инспекторлору өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө
ашырууда алынган мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон
башка сырларды сактоого, иш берүүчүлөргө (алардын өкүлдөрүнө) жана баш-
ка кызмат адамдарына арыз, даттануу же башка кайрылуу менен кайрылган
адамдар тууралуу маалыматтарды бербөөгө милдеттүү, эгерде алардын авто-
ру ушуну талап кылса.
VI. Мамлекеттик эмгек инспекциясын каржылоо булактары
21. Мамлекеттик эмгек инспекциясын, райондор аралык жана шаардык
мамлекеттик эмгек инспекцияларын каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргү-
зүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардан.
VII. Мамлекеттик эмгек инспекциясын
өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу
22. Мамлекеттик эмгек инспекциясын өзгөртүп кайра түзүү укук жана
милдеттердин укук улантуучуга өтүшүнө алып келет.
23. Жоюлган учурда документтер "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-июлундагы
№ 390 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин алдындагы
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын башкаруу
СХЕМАСЫ
| Кыргыз Республикасынын Эмгек | |||||||
| жана социалдык өнүктүрүү | |||||||
| министрлигинин алдындагы | |||||||
| -------------------- | Мамлекеттик эмгек инспекциясы | -------------------- | |||||
| Чүй райондор | (Борбордук аппарат) | Ош райондор аралык | |||||
| аралык Мамлекеттик | ------------------------------- | Мамлекеттик эмгек | |||||
| эмгек инспекциясы | <------------- | ---------------> | инспекциясы | ||||
| V V | V V | ||||||
| Ысык-Көл | Нарын райондор | Жалал-Абад | Баткен райондор | ||||
| райондор аралык | аралык | райондор аралык | аралык | ||||
| Мамлекеттик | Мамлекеттик | Мамлекеттик | Мамлекеттик | ||||
| эмгек | эмгек | эмгек | эмгек | ||||
| инспекциясы | инспекциясы | инспекциясы | инспекциясы | ||||
V V V V
| Талас райондор | Бишкек шаарынын | Ош шаарынын | Жалал-Абад | |||
| аралык | Мамлекеттик | Мамлекеттик | шаарынын | |||
| Мамлекеттик | эмгек | эмгек | Мамлекеттик | |||
| эмгек | инспекциясы | инспекциясы | эмгек | |||
| инспекциясы | инспекциясы |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- КР Өкмөтунун токтому 2008-жылдын 22-июлу № 390 " Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө".Постановление · 22.07.2008 · № 390 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон