# "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 504 токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 504 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 504
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13006/edition/328561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 504 токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59406

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 8-сентябры № 504

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын тиркелген

долбоору жактырылсын.

2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө

салуу кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас-

мий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 44-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "болушу" деген сөз "гана" деген

сөз менен алмаштырылсын.

2. 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 131-1-статья менен толукталсын:

"131-1. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан облигацияларды

жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу

Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигаци-

яларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу.".

3. 147-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган

тартипте облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга

укуктуу.".

2-статья.

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2003-ж., № 6,

240-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

27-статьясынын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толук-

талсын:

"Акционердик коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага,

мурдагы чыгарылган акциялар жайгаштырылгандан кийин жана өзүнүн иштеши-

нин үчүнчү жылынан эрте эмес, ушул убакытка карата коомдун эки жылдык

балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга

укуктуу.

Акционердик коом өзү берген камсыздоонун чоњдугуна же болбосо ушул

максатка үчүнчү жактар берген камсыздоонун чоњдугуна, мурдагы чыгары-

лыштагы акциялар жайгаштырылгандан кийин камсыздалган облигацияларды

чыгарууга укуктуу. Мында акционердик коомдун капиталынын өлчөмүнө жана

аны колдонуу мөөнөтүнө карата ушул пункттун биринчи бөлүгүндө көрсөтүл-

гөн талаптар акционердик коом тарабынан камсыздалган облигациялар чыга-

рылган учурда колдонулбайт.

Камсыздалган облигацияларды чыгаруунун жайгаштыруунун жана төлөө-

нүн тартиби, шарттары баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкта-

лат.".

3-статья.

"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" 1996-жылдын 15-нояб-

рындагы № 60 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү кир-

гизилсин:

39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"39-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан облигацияларды

жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу

1. Коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага, түзүлгөндөн

үч жыл эрте эмес мөөнөттө жана ушул убакка карага коомдун эки жылдык

балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга

укуктуу.

2. Коом өзү берген камсыздоонун чоњдугуна же болбосо ушул максатта

коомго үчүнчү жактар тарабынан берилген чоњдукка камсыздалган облигаци-

яларды чыгарууга укуктуу. Мында, ушул статьянын 1-пункту менен коомдун

өздүк капиталынын өлчөмүнө жана иштешинин мөөнөтүнө коюлуучу талаптар

колдонулбайт.".

4-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үй ай өткөндөн кийин күчүнө

кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
