# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 8-сентябры № 500 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактыr бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 8-сентябры № 500 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактыr бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 500
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13003/edition/328558/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 8-сентябры № 500 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактыr бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59402

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 8-сентябры № 500

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын

аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык

бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында

жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

65-статьясынын 2-пунктуна ылайык аталган мыйзам долбоорун шашылыш ката-

ры кезексиз тартипте кароону суранат.

3. Аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу

боюнча) дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын

аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык

бирдиктерди жоюу жөнүндө

1-статья.

Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жай-

гашкан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктер жоюлсун:

Ош шаарында - Жапалак айылдык округу.

Жалал-Абад облусунда:

- Жалал-Абад шаарында - Тайгараев айылдык округу;

- Каракөл шаарында - Жазы-Кечүү айылдык округу.

Баткен облусунда:

- Кызыл-Кыя шаарында - Ак-Булак айылдык округу.

2-статья.

Калктуу конуштардын статусун сактоо менен төмөнкү шаар тибиндеги

поселкаларда администрациялык-аймактык бирдиктердин статусу жоюлсун:

Бишкек шаарында - Чоњ-Арык шаар тибиндеги поселкасы.

Жалал-Абад облусунда:

- Каракөл шаарындагы - Кетмен-Төбө шаар тибиндеги поселкасы;

- Майлы-Сай шаарында - Көк-Таш шаар тибиндеги поселкасы жана Са-

ры-Бээ шаар тибиндеги поселкасы;

- Ташкөмүр шаарында - Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселкасы жана

Кызыл-Жар шаар тибиндеги поселкасы.

Баткен облусунда:

Сүлүктү шаарында - Восточный (Кош-Булак) шаар тибиндеги поселкасы.

Ысык-Көл облусунда:

- Балыкчы шаарында - Орто-Токой шаар тибиндеги поселкасы;

- Каракол шаарындагы - Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселка-

сы.

3-статья.

1. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларында көрсөтүлгөн администраци-

ялык-аймактык бирдиктердин курамындагы калктуу конуштар өз статусун

сактайт.

2. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларында көрсөтүлгөн шаарлардын

администрациялык-аймактык чек аралары жоюлган администрациялык-аймактык

бирдиктердин аймактарын эсепке алуу менен мурунку чек арасында сакта-

лат.

4-статья.

Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын администрация-

лык-аймактык чек араларынын курамындагы шаар тибиндеги поселкаларда жа-

на айылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү кењеш-

тер жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдары түрүндө түзүлбөй турган-

дыгы белгиленсин.

5-статья.

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларында көрсөтүлгөн айылдардын

жана шаар тибиндеги поселкалардын функциялары, ыйгарым укуктары жана

милдеттери аларды республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жер-

гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алганга чейин айылдык жана

поселкалык кењештерде жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарында сак-

талсын.

3. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө рес-

публикалык жана облустук маанидеги шаарлардын администрациялык-аймактык

чек аралардын курамында турган айылдардын шаар тибиндеги поселкалардын

айылдык жана поселкалык кењештеринин жана алардын аткаруучу-тескөөчү

органдарынын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кабыл

алышсын, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды кө-

рүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администра-

циялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиеше-

лүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу за-

рыл чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти
