# "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 274
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/59397/edition/328555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (14.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59397

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-июлу № 274

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы

№ 171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

полициянын маселелери жөнүндө" токтомуна

толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын маселе-

лери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө жобого тө-

мөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 27-пункту төмөнкүдөй абзац менен толукталсын:

"Аттестацияланган курамдагы, иштеген жылдарынын саны боюнча пенси-

яга чыгууга укуктуу, бирок аны белгиленген тартипте тариздебеген жана

иштөөсүн улантып жаткан адамдарга негизги акчалай маяна төлөнүп жаткан

учурга карата тийиштүү болгон пенсиясынын суммасынын 50 проценти өлчөм-

дө кошумча төлөнөт."

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
