# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 " Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 " Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 493
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13001/edition/765614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 " Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө"токтому (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59395

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2008-жылдын 2-сентябры № 493 Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 "Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:

- "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын, анын ичинде анын системасына кирген карамагындагы ишканаларды жана филиалдарды камтыган башкаруу схемасын бекитсин;

- "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына караштуу ишканалардын жана филиалдардын уставдарын кайрадан бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-июнундагы № 274 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалар союзу, уюмдары, бирикмелери (башкармалыктары) жана турак жай-коммуналдык чарба ассоциациялары (Кыргызтураккоммунсоюз) жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
