# КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 28-августу № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 28-августу № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 482
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12992/edition/328544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 28-августу № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу (28.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59384

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 28-августу № 482

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык

менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-декабрындагы

№ 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына ылайык, Кант шаар башкармасынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды

түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык мен-

чикке өткөрүп берүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтому

ушул токтомдун тиркемесине ылайык № 1-1 тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети тиркемеде аталган обьекттерди белгиленген тартипте

райондук маанидеги Кант шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу-өт-

көрүүнү жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 28-августундагы

№ 482 токтомуна

тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1998-жылдын 16-декабрындагы

№ 827 токтомуна

№ 1-1 тиркеме

Райондук маанидеги Кант шаарынын муниципалдык

менчигине өткөрүлчү объекттердин

ТИЗМЕСИ

| Объекттердин аталышы | Саны, өлчөө бирдиги | Баланстык наркы |
| --- | --- | --- |
|  |  | (мињ сом) |
| "Алый Парус" маданият үйү | 1 | 68634,0 |
| "Затейник" балдар борбору | 1 | 414048,45 |
| Кант шаарынын 2-кичи | 1 | 490048,45 |
| районундагы № 1 жатакана |  |  |
| "Тюльпан" пионер лагери | 1 | \- |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
