# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 474
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12985/edition/328536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтом (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59376

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 15-августу № 447

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин

бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы

№ 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү

терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо)

мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо-

ну бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын

23-апрелиндеги № 182 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамле-

кеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

14-ноябрындагы № 722 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого

(СББМК) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 15-пункттагы "жана статистикалык карта" деген сөздөр алып салын-

сын;

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. СББМКнын маалыматтык базасына статистикалык бирдиктерди кир-

гизүү жана аларга мамлекеттик, мамлекеттер аралык жана эл аралык клас-

сификатордун идентификациялык жана классификациялык коддорун ыйгаруу

төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:

- юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр үчүн - юридикалык

жак, филиал же өкүлчүлүк мамлекеттик (эсептик) каттоодон өткөндүгүн да-

лилдеген билдирүүнүн негизинде, ал эми өзгөчө учурларда телефон - бай-

ланышы аркылуу юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жө-

нүндө буйруктун номери жана күнү, алардын аталышы, дареги туурасында

билдирүүлөрдү камтыган маалыматтын негизинде;

- жеке ишкерлер үчүн - субъект жеке ишкер катары мамлекеттик кат-

тоодон өткөндүгүн далилдеген бирдиктүү каттоо арызынын негизинде.";

- 17-пунктта "Статистикалык карточка" деген сөздөр "Билдирүү (бир-

диктүү каттоо арызы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министри И.Чудинов
