# " Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сан-Таш айылдык округунун аймагына дүң сервистик-соодалык базар комплексин түзүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августагы № 473 токтому

- Толук аталышы: " Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сан-Таш айылдык округунун аймагына дүң сервистик-соодалык базар комплексин түзүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августагы № 473 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 473
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12984/edition/328535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: " Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сан-Таш айылдык округунун аймагына дүң сервистик-соодалык базар комплексин түзүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августагы № 473 токтому (26.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59375

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 26-августу № 473

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Түп районунун

Сан-Таш айылдык округунун аймагына дүњ сервистик-соодалык

базар комплексин түзүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына,

"Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасы-

на которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19

токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл облусунун Түп районунун

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун Сан-Таш айылдык округунун

аймагында жайгашкан 180 га кайрак айдоосун дүњ сервистик-соодалык базар

комплексин түзүү үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан

"Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"

категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- шаар куруу документтерин колдонуудагы ченемдердин жана эрежелер-

дин негизинде иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
