# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 470
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12982/edition/979216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтому (31.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59372

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-августу N 470 Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-августундагы N 536, 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында аудиттин стандарттары катары - Нью-Иорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Эл аралык аудитордук практика боюнча комитети тарабынан чыгарылуучу Аудиттин эл аралык стандарттары;

2) Кыргыз Республикасында кесипкөй бухгалтерлердин жана аудиторлордун этика кодекси катары - Нью-Йорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын бухгалтерлери үчүн Эл аралык этика стандарттары боюнча комитет тарабынан чыгарылуучу Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодекси.

Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу мамилелерде Бахрейндин Манама шаарындагы Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюм тарабынан иштелип чыгуучу ислам финансы институттарына аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)

2. "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги N 235 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов
