# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 464 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 464 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 464
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12977/edition/391480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 464 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (23.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59366

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-августу № 464

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара

укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке

ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы

№ 57 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Жер пайдалануу процессин андан ары децентралдаштыруу жана "Инвес-

тициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерине колдоо көрсөтүү чөйрөсүн-

дөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 3-сентябрындагы № 290 Жарлыгы

менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жеке секторун инвестициялоого

көмөк көрсөтүү" инвестициялык матрицасынын 2.6-пунктуна ылайык жеке жа-

на юридикалык жактарга жер участокторго укуктарды берүүнүн так жолжобо-

лорун бекитүү боюнча иштерди улантуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун

берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тарти-

бин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген Калк-

туу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө

менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого төмөнкүдөй

өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 3.2-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга аталган жеке жана юри-

дикалык жактарга жер участоктор берилген болсо";

пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Жер участогуна болгон укуктарды тике сатууда же аны мөөнөттүү

(убактылуу) пайдаланууга берүүдө милдетүү түрдө жер участогун өздөштү-

рүүнүн мөөнөттөрү сүйлөшүлөт.".

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ченемдик

укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Бул токтом расмий жарыялангын күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
