# "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" 2008-жылдын 16-августундагы № 462 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

- Толук аталышы: "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" 2008-жылдын 16-августундагы № 462 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 462
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12976/edition/328525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" 2008-жылдын 16-августундагы № 462 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому (16.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59364

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-августу № 462

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана

байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы №

547 "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик

колдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Пекин шаарында 2008-жылдагы XXIX Олимпиадалык оюндардын жењүүчү-

лөрүнө жана байге ээлерине бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөгө төмөн-

күдөй финансы каражаттарын карасын:

1-орун үчүн - алтын медаль - 150000 АКШ доллары;

2-орун үчүн - күмүш медаль - 100000 АКШ доллары;

3-орун үчүн - коло медаль - 75000 АКШ доллары;

4-орун үчүн - 25000 АКШ доллары;

5-орун үчүн - 15000 АКШ доллары;

6-орун үчүн - 13000 АКШ доллары;

7-орун үчүн - 12000 АКШ доллары;

8-орун үчүн - 10000 АКШ доллары;

башкы жана жеке машыктыруучуларына спортсмендердин сыйлыгынын өл-

чөмүнүн - 25 проценти;

- "2008-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- Олимпиадалык оюндардын жана оюндардын чемпиондоруна жана байге

ээлерине өмүр бою берилүүчү ар айлык стипендияларды төлөөгө жыл сайын

республикалык бюджетте финансы каражатын карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана

спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-

тик Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр бою

берилүүчү ар айлык стипендиялар жөнүндө жобону белгиленген тартипте иш-

теп чыксын жана бекитсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Премьер-министри И.Чудинов
