# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 "Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 "Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 461
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12975/edition/746250/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 "Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59363

---

УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 3 октября 2016 года № 522

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-августу № 461

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы

№ 260 "Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана

автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө"

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Эсептик көрсөткүч жөнүндө" Мыйзамына жана

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу"

Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260

"Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана автордук келишимдерди

каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-

зилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жа-

на интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосунун" деген сөз-

дөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын" деген сөздөр

менен алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Автордук укук, чектеш укуктар

объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө

жободо:

бардык текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик

агентствосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик патент кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункттагы "минималдуу эмгек акысы" деген сөздөр "эсептик көрсөт-

күч" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

аталган токтомдун № 1 тиркемесинде "минималдуу эмгек акысы" деген

сөздөр "эсептик көрсөткүч" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
