# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №156 "Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө 1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга Толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жылдын 22-ноябрындагы кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №156 "Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө 1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга Толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жылдын 22-ноябрындагы кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 456
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12970/edition/328519/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №156 "Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө 1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга Толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жылдын 22-ноябрындагы кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө" токтому (16.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59358

---

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-августундагы №456

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу

жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө 1992-жылдын

13-мартындагы макулдашууга Толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жылдын 22-ноябрындагы

кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына, Стандарташтыруу, метрология жана серти-

фикатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө

1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга ылайык мамлекет ичиндеги

жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1.Стандарташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө макулдашууга Толуктоолор-

ду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ашхабат шаарында 2007-жыл-

дын 22-ноябрындагы кол коюлган тиркелген протокол (мындан ары -

Протокол) бекитилсин.

2.Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-

стволор өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Протоколго ылайык

келтиришсин.

3.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушулПротоколдун

күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду

Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер

Шериктештигин Аткаруу комитетине билдирсин.

4. "Стандарташтыруу, метрология жана серти-

фикатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө

1992-жылдын 13-мартындагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүү-

лөрдү киргизүү тууралу Протоколду бекитүү жөнүндө"Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июлундагы №469 токтому күчүн жоготту

деп табылсын.

5.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү-

нө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
