# КР Өкмөтунүн токтому 2008-жылдын 16-августу № 455 "Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын убактылуу өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтунүн токтому 2008-жылдын 16-августу № 455 "Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын убактылуу өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 455
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12969/edition/382867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтунүн токтому 2008-жылдын 16-августу № 455 "Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын убактылуу өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" (06.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59357

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-августу № 455

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба

системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө

акынын убактылуу өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статьясына ылайык айылдык

товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында, суунун аздыгына жана

кургакчылыкка байланыштуу түзүлгөн кырдаалды эсепке алып Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба система-

ларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын тиркелген

убактылуу өлчөмдөрү бекитилсин.

2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн сугат суу берүү боюнча кызмат

көрсөтүүлөргө акынын өлчөмү 2008-жылдын 1-августунан баштап колдонулаа-

ры белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги:

- мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат сууларын берүү боюнча

кызматты пайдалануучу айылдык товар өндүрүүчүлөр менен зарыл болгон өз

ара эсептешүүлөрдү жүргүзсүн жана мурда түзүлгөн келишимдердин шартта-

рын кайра карап чыксын;

- мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кыз-

мат көрсөтүүлөргө акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун 2009-жылдын 1-мартына чейин киргиз-

син.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чар-

ба департаменти берген эсептөөлөргө ылайык суу чарба органдарынын чы-

гымдарын компенсациялоону карасын.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 16-августундагы

№ 455 токтому менен

бекитилген

Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик

суу чарба системаларынан сугат суу берүү

боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын

УБАКТЫЛУУ ӨЛЧӨМДӨРҮ

1 куб. м сууга тыйын менен

| Суу пайдалануучулар | Мөөнөттөр | Төлөмдүн өлчөмү |
| --- | --- | --- |
| жашоочулар: | 1-апрелден | 3,0 |
| кадимки райондордо | 31-июлга чейин |  |
|  | 1-августтан | 1,0 |
|  | 31-декабрга чейин |  |
| жаратылыш-климаттык | 1-апрелден | 1,0 |
| шарттары оор ыњгайсыз | 31-июлга чейин |  |
| райондордо |  |  |
|  | 1-августтан 31-декабрга | 0,2 |
|  | чейин |  |
