# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 451"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 451"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 451
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12965/edition/344254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 451"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (04.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59353

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 16-августу № 451

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү жана аларды профилактикалоо жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистрлигинин ролун жогорулатуу максатында, "Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк көп секторлуу координациялык комитет түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 372 токтому менен бекитилген Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунуч- туу инфекциялык оорулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өлкөлүк көп секторлуу координациялык комитет жөнүндө жобого ылайык Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин масе-

лелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февра- лындагы № 93 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин функция- лары" деген III глава төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен то- лукталсын: "- социалдык мааниге ээ болгон жана адамдарда кездешүүчү өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар жаатында Кыргыз Республикасынын мамле- кеттик программаларынын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү менен байланышкан милдеттерди жана маселелерди чечүүдө Кыргыз Республи- касынын кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун эл аралык, коммерциялык эмес жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерин координа- циялайт жана камсыздайт;".

- сегизинчи-кырк төртүнчү абзацтар тиешелүү түрдө тогузунчу-кырк

бешинчи абзацтар деп эсептелсин;

- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин укукта-

ры" деген IV главанын жетинчи абзацы "саламаттык сактоо маселеси боюн- ча" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде социалдык мааниге ээ болгон жана адамдарда кездешүүчү өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар жаа- тындагы" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
