# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-августундагы № 445 " Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-августундагы № 445 " Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 445
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12961/edition/760842/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-августундагы № 445 " Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси"токтому (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59347

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-августу № 445

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттары менен

жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын

коопсуздугун камсыз кылуу маселеси

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын 5 жана 6-статьяларына ылайык, менчигинин түрүнө кара-

бастан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсузду-

гун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү та-

шыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлиги эки айдын ичинде кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер,

администрациялык ведомстволор жана аткаруучу бийликтин башка органдары

менен бирдикте төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бе-

китсин:

- Балдарды автомобиль транспорт менен ташуу тартиби жөнүндө нуска-

маны;

- Айдоочуларды жумушка кабыл алуу тартиби жөнүндө нускаманы;

- Айдоочунун иш тартиби жөнүндө нускаманы;

- Автомобилдик жолдорду курганда, реконструкциялаганда жана оњдо-

гондо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү;

- Айдоочулардын ташуунун шарттарына жана түрлөрүнө ылайыктыгын

текшерүү жана камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү;

- Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган айдоочулар менен жыл сайын

сабак өтүүнүн окутуу планын жана программасын;

- Автомобилдик транспорт менен жүк ташуу тартиби жөнүндө нускама-

ны.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору жана аткаруучу бийликтин башка органдары

эки айдын ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго

ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөт Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
