# КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 14-августу № 442 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы орто кесиптик мектеби жөнүндө".

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 14-августу № 442 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы орто кесиптик мектеби жөнүндө".
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 442
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12958/edition/328507/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 14-августу № 442 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы орто кесиптик мектеби жөнүндө". (14.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59344

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-августу № 442

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы

орто кесиптик мектеби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы №

224 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" жө-

нүндө Жарлыгына ылайык, ички иштер органдарынын ортоњку звенодогу кадр-

ларга болгон муктаждыгын кыйла толугураак канааттандыруу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрларды да-

ярдоо борбору Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милиция-

нын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы орто кесиптик мектебине өзгөртүп

кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тар-

типте:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын ге-

нерал-майору Ж.Шабиров атындагы орто кесиптик мектеби жөнүндө жобону

бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын ге-

нерал-майору Ж.Шабиров атындагы орто кесиптик мектебин каржылоону Кыр-

гыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 2008-жылдын республикалык

бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жүргүзсүн;

- лицензиялоо жана "Укук таануу" жана "Укук коргоо иштери" деген

адистиктер боюнча билим берүү ишмердигин жүргүзүү укугуна лицензия алуу

боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери"

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги №

134 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери"

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги №

134 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 420 токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-

лүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
