# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 8-августундагы № 435 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 8-августундагы № 435 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 435
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12954/edition/328503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59337.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 8-августундагы № 435 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59337

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 8-августу № 435

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү туура-

луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу

боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун

караган учурда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 1997, № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-

лор киргизилсин:

1. 8-статьяда:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Банк ачык акционердик коом түрүндө гана түзүлүшү жана иштеши

мүмкүн.";

- 3-пункттун экинчи абзацында "(бардык түрү)" деген сөздөр алып

салынсын.

2. 22-статьянын 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү-

дөй редакцияда баяндалсын:

"Жогорудагы маалымдоо банктын жалпы чогулушун чакырууга чейин жок

дегенде жыйырма күн мурда жасалышы керек, бул банктын акционерлерине

чогулуштун кароосуна коюлган маселелер боюнча маалыматтык чечим кабыл

алууга мүмкүндүк берет.

Чогуу алганда он проценттен ашык добушка ээ болушкан акционерлер,

чогулуштун күн тартиби боюнча өз сунуштарын киргизе алышат, бирок алар

банктын акционерлеринин чогулушун чакырууга он күн калганга чейин.".

3. 45-1-статьяда:

1-пункттун биринчи абзацында "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн

кийин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын;

2-пункттун биринчи абзацында "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн

кийин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:

"12) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамында каралган учурда.".

4. 48-статьяда:

- 5-пункттун 6) пунктчасындагы "камтылууга тийиш" деген сөздөр

"камтылышы мүмкүн" деген сөзгө алмаштырылсын.

2-статья.

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жабык акционердик коом түрүндө

катталган Кыргыз Республикасынын банктары ушул Мыйзам күчүнө кирген

күндөн баштап бир жылдын ичинде бул Мыйзамга ылайык кайра катталууга

тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улут-

тук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келти-

ришсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К Бакиев
