# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 433
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12952/edition/408118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (29.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59335

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 8-августу № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына ылайык, бажы органдарынын кызматкерлеринин кызмат орундарынын мамлекеттик кызматтын кызмат орундары боюнча квалификациялык талаптар менен бирдиктүү болушун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

И. Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана

аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын

ТИЗМЕСИ

| Кызмат орундун аталышы | Атайын наам | Квалификациялык талаптар |
| --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 |
| Инспектор, тергөөчү | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор, улук тергөөчү | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү, басма сөз-катчы | Бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Төраганын жардамчысы, сектор башчы, басма сөз кызматынын начальниги | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу- 35 жашка чейин |
| Башкармалык- тын курамындагы бөлүмдүн начальниги | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу- 35 жашка чейин |
| Башкармалык- тын начальнигинин орун басары, өз алдынча бөлүмдүн начальнигинин орун басары, төраганын кеңешчиси | Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Башкы башкармалык- тын начальниги, башкармалык- тын начальниги, өз алдынча бөлүмдүн начальниги, Башкы башкармалык- тын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ведомстволук органдары |  |  |
| Инспектор, тергөөчү | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор, улук тергөөчү | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү | Бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бөлүм начальниги, сектор башчы | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бажынын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Окуу борборунун, кызматтын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Окуу борборунун, кызматтын, бажынын начальниги | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Көп тараптуу маанидеги өткөрмө пунктунун бажы посту |  |  |
| Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Посттун начальниги | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Эки тараптуу маанидеги өткөрмө пунктунун бажы посту |  |  |
| Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Посттун начальниги | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгү |  |  |
| Инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлү | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 5 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

М. Исмаилов
