# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 428 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 428 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 428
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12949/edition/328498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 428 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59330

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 5-августу N 428

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз

Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр

жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-

замдарынын долбоорлору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-

шинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорлорду караган учурда Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2005-ж., N 6, 337-ст.) төмөнкү-

дөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлккө укуктарды каттоо - милдеттүү

жол-жобо, анын жардамы менен 250 эсептик көрсөткүчтөн жогорку суммага

милдеттенмени камсыз кылуучу күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ор-

тосундагы күрөө жөнүндө келишим Күрөө каттоо конторасында катталат.";

- 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммада милдеттенмени камсыз кы-

луучу күрөөгө коюуну жана күрөөлөрдү кошпогондо кыймылдуу мүлккө бардык

күрөөлөр Күрөө каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.

250 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммада милдеттенмени камсыз кылу-

учу күрөөлөр күрөө бүтүмдөрүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча Күрөө

каттоо конторасында катталышы мүмкүн.

Күрөөнү каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган күрөөсү болбогон

башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын күбөлөндүргөн артыкчы-

лыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт. ";

- 83-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баян-

далсын:

"3) 3 күндүн ичинде күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө Күрөө каттоо

конторасына билдирсин; ".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 6, 80-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 24-статьянын 3-пунктунда "мыйзамда каралган учурларда" деген

сөздөр "Эгерде ушул Кодекс же Мыйзам менен башкача белгиленбесе" деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

- 180-статьянын 2-пунктунда "Мыйзамда" деген сөз "Ушул Кодексте же

Мыйзамда" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "аныкталган түрлөрү" деген

сөздөр алып салынсын;

- 328-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен

толукталсын:

"250 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммага милдеттенмени камсыз кы-

луучу кыймылдуу мүлккө күрөө жөнүндө келишим милдеттүү мамлекеттик кат-

тоодон өтүүгө тийиш.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
