Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-августу N 428
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз
Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорлорду караган учурда Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2005-ж., N 6, 337-ст.) төмөнкү-
дөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлккө укуктарды каттоо - милдеттүү
жол-жобо, анын жардамы менен 250 эсептик көрсөткүчтөн жогорку суммага
милдеттенмени камсыз кылуучу күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ор-
тосундагы күрөө жөнүндө келишим Күрөө каттоо конторасында катталат.";
- 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммада милдеттенмени камсыз кы-
луучу күрөөгө коюуну жана күрөөлөрдү кошпогондо кыймылдуу мүлккө бардык
күрөөлөр Күрөө каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.
250 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммада милдеттенмени камсыз кылу-
учу күрөөлөр күрөө бүтүмдөрүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча Күрөө
каттоо конторасында катталышы мүмкүн.
Күрөөнү каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган күрөөсү болбогон
башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын күбөлөндүргөн артыкчы-
лыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт. ";
- 83-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"3) 3 күндүн ичинде күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө Күрөө каттоо
конторасына билдирсин; ".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 6, 80-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 24-статьянын 3-пунктунда "мыйзамда каралган учурларда" деген
сөздөр "Эгерде ушул Кодекс же Мыйзам менен башкача белгиленбесе" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- 180-статьянын 2-пунктунда "Мыйзамда" деген сөз "Ушул Кодексте же
Мыйзамда" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "аныкталган түрлөрү" деген
сөздөр алып салынсын;
- 328-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен
толукталсын:
"250 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммага милдеттенмени камсыз кы-
луучу кыймылдуу мүлккө күрөө жөнүндө келишим милдеттүү мамлекеттик кат-
тоодон өтүүгө тийиш.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 749-IV ""Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 13.11.2008 · № 749-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 750-IV ""Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 13.11.2008 · № 750-IV
- "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 05.08.2008 · № 423 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон