# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы №422 "Үч-Коргон гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы №422 "Үч-Коргон гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 422
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12945/edition/373090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы №422 "Үч-Коргон гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо жөнүндө"токтому (18.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59324

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы

№279 токтомунун редакциясына ылайык

күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 4-августу № 422

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Үч-Коргон гидроэлектрстанциясын реконструкциялоо жөнүндө

2007-жылдын 18-20-ноябрында Корея Республикасына Кыргыз Республи-

касынын Премьер-министринин визитинин жүрүшүндө кол коюлган Эки тарап-

туу мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө меморандумга ылайык, Кыргыз Республи-

касы менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтык-

ты терењдетүү жана республиканын региондорун электр менен жабдуунун

ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. "ЕРI Со. LТD" компаниясына (Корея Республикасы) "Маркай" таш

көмүр кенин иштетүүгө укук берүүдө шарт катары анын Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн кепилдигисиз жана финансылык катышуусуз, "ЕРI Со. LTD"

компаниясынын өздүк каражатынын эсебинен "Электр станциялары" ачык ак-

ционердик коомунун "Курулуучу ГЭС ишканалары" филиалынын курамына кир-

ген Үч-Коргон гидроэлектрстанциясына реконструкция жүргүзүүсү аныктал-

сын.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары

министрлиги "ЕРI Со. LTD" компаниясы менен Үч-Коргон ГЭСин реконструк-

циялоо боюнча эки тараптуу келишим түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-

дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Келишимге кол коюлгандан ки-

йин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык "Мар-

кай" таш көмүр кенин иштетүүгө "ЕРI Со. LTD" компаниясына лицензия бер-

син.

4. "ЕРI Со. LTD" компаниясына Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого

2008-жылдын III кварталында киришүү сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
