# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 419
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12942/edition/471146/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (04.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59321

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 4-августу № 419

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве- домстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын мыйзам дол- боорлоо иштерин уюштуруу жана координациялоону андан ары өркүндөтүү, ошондой эле иштелип чыга турган мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорула- туу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген Мыйзам долбоорлоо

иштеринин регламенти бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары:

- ушул Регламентти жетекчиликке жана кыйшаюусуз аткарууга алышсын;

- борбордук аппараттарда жана түзүмдүк подразделениелерде ушул

Регламенттин жоболорун окутуп-үйрөтүү боюнча иштерди уюштурушсун.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын I жарым жылдыгы

ичиндеги Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын аткарылышынын жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин министрликтердин, мамле- кеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын норма чыгаруу ишин координациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрын- дагы № 639 токтомунун 3-пункту, 4-пунктунун экинчи абзацы жана 6-пунк- ту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын биринчи жарым жыл-

дыгында мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу жана министрликтер- дин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын нормативдерди чыгаруу иштерин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги жүргүзгөн иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы № 668 ток- томунун 5-пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлүнө жа- на Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
