Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 31-июлу № 417
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы"
ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 3-июлундагы № 150
буйругуна ылайык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы "Соода жана маркетинг борбору" мамлекеттик
ишканасы "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик
коомуна өзгөртүп кайра түзүлсүн.
2. "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик
коомунун негизги максаты товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарында
азык-түлүк рыногунун туруктуу иштешин жана калктын азык-түлүккө болгон
суроо-талабын канааттандырууну камсыздоо болуп санала тургандыгы белги-
ленсин.
3. "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик
коомуна төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу жүктөлсүн:
- өлкөнүн рыногунда аны турукташтыруу, республиканын чарбакер
субъекттеринин арасында айыл чарба продукциясына заказдарды жайгаштыруу
максатында азык-түлүк интервенцияларын жүргүзүү үчүн товардык операция-
ларды ишке ашыруу;
- фьючердик контракттарды түзүүнү жана товар өндүрүүчүлөрдү аван-
сылоону кошо алганда продукция өндүрүүдө жана өндүрүлгөн продукцияны
сатууда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында дан эгини, техникалык, дан
буурчак, жашылча-бакча жана тоют өсүмдүктөрүн себүү аянттарын кењейтүү;
- Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын
ишмердигин стимулдоо жана колдоо;
- фермердик чарбаларды ирилештирүүгө, айыл чарба кооперативдерин
жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүүгө
көмөктөшүү;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин натыйжа-
луу пайдаланууга көмөктөшүү;
- айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүүчү өнөр жайды механика-
лаштырууну өнүктүрүү;
- рынок инфраструктураларын өнүктүрүү, азык-түлүк рыногун жөнгө
салуунун методологиялык жана уюштуруу биримдүүлүгүн камсыздоо;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана кайра иштетүүчү ишканаларды
системалуу колдоо үчүн финансылык жана кредиттик каражаттарды мобилиза-
циялоо, топтоштуруу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;
- азык-түлүк рыногунда экспорттук-импорттук операцияларды уюштуруу
жана жүзөгө ашыруу.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бир-
дикте "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик
коомуна кеминде 10 (он) млн. сом өлчөмүндө уставдык капиталды жана ке-
минде 800 (сегиз жүз) млн. сом өлчөмүндө жүгүртүү капиталын бөлүү үчүн
акча каражатын издеп тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен бир-
дикте "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик
коомунун иштеши үчүн зарыл болгон жайды жана башка мүлктү издеп тапсын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин катышуусу
менен он күндүк мөөнөттө "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы"
ачык акционердик коомунун Уставынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комите-
тинин бекитүүсүнө киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык
акционердик коомунун Уставы бекитилгенден кийин белгиленген тартипте
аталган акционердик коомдун Директорлор кењешин жана аткаруучу органын
түзүп, анын уюштуруу документтерин юстиция органдарына каттоого берсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жа-
на агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.