Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги №150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 31-июлу № 411
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы
эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсеп-
төөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муни-
ципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти
колдонуу тартибине № 1 тиркемеде:
- 2-мамычанын онунчу сабындагы "референт," деген сөз алып салын-
сын;
- 2-мамычанын тогузунчу сабы "консультант" деген сөздөн кийин "ре-
ферент, " деген сөз менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муни-
ципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти
колдонуу тартибине № 3 тиркемеде:
1-мамычанын биринчи сабы "Региондор аралык башкарманын" деген сөз-
дөрдөн кийин ", башкарманын, бөлүмдүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-мамычанын биринчи сабы "Райондор аралык башкарманын" деген
сөздөрдөн кийин ", башкарманын, бөлүмдүн," деген сөздөр менен толуктал-
сын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун
1-пунктунда каралган чыгымдарды каржылоону "Кыргыз Республикасынын
2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мында аталган максаттарга каралган каражаттын чегинде жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эм-
гек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.