# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 410
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12935/edition/328482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59312

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 31-июлу № 410

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-

луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөр-

түүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 62-статьянын алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ишке кабыл алууда төмөнкүлөр үчүн сыноо белгиленбейт:

- он сегиз жашка чыга элек адамдар;

- акы төлөнүүчү ишке тандап алуучу кызмат орунга шайланган адам-

дар;

- эмгек укуктарынын нормаларын камтыган эмгек мыйзамдары жана баш-

ка нормативдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте өткөрүлгөн

тиешелүү кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандалган адамдар;

- жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча башка жумуш

берүүчүдөн которулуу тартибинде ишке чакырылган адамдар;

- эки айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн адамдар;

- башка нормативдик укуктук актыларда каралган башка учурларда.".

2. 65-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "(иш берүүчү - жеке жактарды

кошпогондо)" деген сөздөр алып салынсын.

3. 69-статьянын биринчи бөлүгү "туруктуу" деген сөздөн кийин "же

убактылуу" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 76-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8) пунктча

менен толукталсын:

"8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учур-

ларда.".

5. 85-статьянын биринчи бөлүгү "багуусунда адамдар" деген сөздөр-

дөн кийин "(багуусунда адам)" деген сөздөр менен толукталсын.

6. 86-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жана" деген байламта жана "4"

деген цифра алып салынсын.

7. 87-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Уюмду жоюуга же кызматкерлеринин санын же штатын кыскартууну жүр-

гүзүүгө байланыштуу, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыш-

туу эмгек келишимин бузууда бошотулган кызматкер үчүн иш издөө мезгили-

не, үч айдын ичинде, эгерде ал иштен бошогондон кийин 10 календардык

күндүн ичинде жумуш издеген адам катарында иш менен камсыз кылуунун

мамлекеттик кызматында катталган шартта чыгуу пособиесин эске алуу ме-

нен орточо айлык эмгек акысы сакталат. Иштен бошотулган күндөн тартып

биринчи айда кызматкерге эки айлык эмгек акыдан төмөн эмес өлчөмдө чы-

гуу пособиеси төлөнөт, иш издеген экинчи жана үчүнчү айларда кызматкер-

ге орточо айлык эмгек акы сакталат.".

8. 95-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "8" деген цифра "6" деген циф-

рага алмаштырылсын.

9. 103-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "майрам" деген сөз "майрам

алдындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. 123-статьянын үчүнчү бөлүгү "Кодексте" деген сөздөн кийин "эм-

гек укугунун нормаларын камтыган башка нормативдик укуктук актыларда,

макулдашууларда, жамааттык жана эмгек келишимдеринде" деген сөздөр ме-

нен толукталсын.

11. 151-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен

толукталсын:

"Үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана сти-

мулдоочу мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоњдуктарда же кызматтык (тариф-

тик) маянага карата процент менен белгиленет.".

12. 184-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толуктал-

сын:

"Кызматкер кан жана анын компоненттерин тапшырган учурда жумуш бе-

рүүчү ал күндөрү үчүн ага орточо эмгек акысын сактап жана ушуга байла-

ныштуу эс алуу күндөрүн берет.".

13. 186-статьядагы "кызматкердин айлык орточо эмгек акысынан" де-

ген сөздөр "эгерде макулдашууда башкача каралбаса, кызматкердин эки ор-

точо айлык эмгек акысынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

14. 230-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн күнөөсү эле эмес, жабырла-

нуучунун одоно этиятсыздыгынан улам келип чыкса, анда аралаш жоопкерчи-

лик колдонулат. Бул учурда ордун толтуруу акысынын өлчөмү жабырлануучу-

нун күнөөсүнө жараша азайтылат. Жабырлануучунун күнөөсү комиссия тара-

бынан процент менен аныкталат.".

15. 234-статьянын аталышындагы "эмгек акынын эњ төмөнкү өлчөмүнүн"

жана экинчи бөлүгүндөгү "акынын эњ төмөнкү өлчөмүн" деген сөздөр тиеше-

лүү түрдө "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн" жана "эсептик көрсөткүчтүн

өлчөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

16. 327-статья "эмгек келишиминде белгиленген өлчөмдө" деген сөз-

дөрдөн кийин "бирок эки орточо айлык акынын өлчөмүнөн кем эмес, эгерде

макулдашууда башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;

17. 351-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана ушул

келишимди эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тиешелүү мамле-

кеттик органда каттатууга" деген сөздөр алып салынсын жана "жазуу жү-

зүндө" деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин талаптарына ылайык" деген

сөздөр менен толукталсын.

18. 357-статьяда:

- биринчи бөлүк "эмгек келишими" деген сөздөрдөн кийин "же эмгек

китепчесиндеги жазуу" деген сөздөр менен толукталсын.

- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жеке ишкер катары каттоодон өткөн, мөөрү бар иш берүүчү - жеке

жак кызматкердин эмгек китепчесине жазуу жүргүзүүгө, ошондой эле бирин-

чи жолу жумушка орношкон кызматкерге эмгек китепчесин жол-жоболоштуруу-

га укуктуу.".

19. 363-статьядагы "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага"

деген сөздөргө алмаштырылсын.

20. 365-статьядагы "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага"

деген сөздөргө алмаштырылсын.

21. 399-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү алып салынсын.

22. 412-статьянын биринчи бөлүгү "кароо боюнча комиссияга" деген

сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик эмгек инспекциясына" деген сөздөр менен

толукталсын.

23. 423-статьянын аталышы "бошотуу" деген сөздөн кийин ", четте-

түү" деген сөз менен толукталсын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
