# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы №406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы №406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 406
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12931/edition/370814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы №406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө"токтому (14.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59308

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-июлу № 406

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы

Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун

аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ №83 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ыла- йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администра-

циясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган:

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы

айылдык округунун аймагында жайгашкан 38,8 га жерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына;

- Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун йыл чарба жерлерин кайра

бөлүштүрүү фондунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан 38,8 га сугат айдоосун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Токой фондунун жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ №83 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Ысык - Көл облусунун мамлекеттик

администрациясы:

- жерди эсепкеалуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларына жана эрежелерине жана колдону- луудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык которулуучу жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ №83 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
