# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы №403 " 2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы №403 " 2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 403
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12929/edition/328476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы №403 " 2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө"токтом (28.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59306

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 28-июлу № 403

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз

Республикасынын жерлерин мамлекеттик

эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагы 2008-жылдын 1-январына карата

19995,1 мињ гектарды түзөт.

2007-жылдын ичинде жер фондун пайдаланууда категориялар, жердин

түрлөрү, ошондой эле менчиктин формалары боюнча сандык өзгөрүүлөр бол-

ду.

2008-жылдын 1-январына карата республиканын жер фондундагы жерлер-

ден 1238,8 мињ га - жеке менчикте, 58,4 мињ га - муниципалдык менчикте,

18697,9 мињ га - мамлекеттик менчикте турат.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык жер үлүшүн алууга укугу бар,

бирок Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилген учурга

карата ар түрдүү себептер боюнча аларды албай калган Кыргыз Республика-

сынын жарандарынын маселелерин чечүү үчүн "Айыл чарба жерлерин кайра

бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен Кыргыз Республикасынын

жарандарына жер үлүштөрүн акысыз берүү жөнүндө жергиликтүү кењештердин

кошумча сунуштарын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин 2007-жылдын 6-февралындагы № 1628-III токтому кабыл алынган.

Натыйжада жер үлүшүн алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын 14909 жа-

ранына 5245 га жер, анын ичинде 3966 га сугат айдоо, 1089 га кайрак ай-

доо, 6 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерлер, 184 га чабынды жерлер

берилген.

Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин эсепке алууну Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык алардын иш жүзүндөгү пайдаланылышы-

на шайкеш келтирүү үчүн 249,6 га сугат айдоо, 676,3 га кайрак ай-

доо,137,5 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жер жана 70 га чабынды жердин

башка түрүнө которулган.

2007-жылы республиканын жарандарынын турак жай проблемаларын чечүү

үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен жеке турак жай

курууга 2024,0 га жер берилген, анын ичинде 1585,8 га сугат айдоо,

234,3 га кайрак айдоо, 39,1 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жер, 164,8

га башка жерлер.

2007-жылы "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр

жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" катего-

риясына - 790,58 га жер, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жер-

лери" категориясына - 41,38 га жер которулган.

Азыркы учурда айыл чарба багытындагы жерлерди, өзгөчө айыл чарба

жерлерин пайдалануу маселеси курч турууда. Капиталдык салымдардын же-

тишсиздигинен жана сугат жана кургатуу системаларына ремонт жүргүзүүнүн

жоктугунан жерлердин мелиорациялык жактан начар аянттары бардык жерлер-

де көбөйүүдө. 2007-жылы Кыргыз Республикасында ар түрдүү себептер (шор

басуу, сазга айлануу, суунун жетишсиздиги, үрөн, күйүүчү-майлоочу мате-

риалдарды сатып алууга каражаттардын жоктугу, алыс жайгашкандыгы, эко-

номикалык жактан максатка ылайык эместиги) боюнча 145,0 мињ га айдоо

аянты же республикадагы бардык айдоо жерлеринин 12,0 проценти пайдала-

нылбай калган.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында 2008-жылдын 1-январына карата жерлерди

категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепке алуунун

жыйынтыктары;

- 2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондун

жерлердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-

гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, облустардын жана район-

дордун мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары жерлердин баардык түрлөрүн натыйжалуу жана максаттуу пайдала-

нууга контролдукту күчөтүшсүн.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар сугат айдоолор убакты-

луу канааттанарлык эмес абалда турган шартта аларды трансформациялоо

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүнү токтотушсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 28-июлундагы

№ 403 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасында 2008-жылдын

1-январына карата жерлерди категориялар

жана жер пайдалануучулар боюнча

мамлекеттик эсепке алуунун

ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

| № | Саптар- | Жер пайдалануучулардын аталышы жана | Жалпы аянт | Анын |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  | дын | жер фондунун категориялары | (мињ га) | ичинде |
|  | номери |  |  | сугат |
|  |  |  |  | айдоо |
|  |  |  |  | (мињ га) |
| 1 | 1 | Айыл чарба багытындагы жерлер, | 5714,9 | 858,1 |
|  |  | бардыгы: |  |  |
| 2 | 1.1 | Жеке менчик укугундагы а/ч | 1057 | 669,2 |
|  |  | багытындагы жерлер: |  |  |
| 3. | 1.1.1 | Дыйкан (ферм.) чарбалардын жерлери | 965,8 | 614,9 |
| 4. | 1.1.2 | Коллективдүү дыйкан чарбалардын | 31,4 | 17,2 |
|  |  | жерлери |  |  |
| 5 | 1.1.3 | Акционердик коомдордун а/ч жерлери | 6,1 | 2,8 |
| 6 | 1.1.4 | Кооперативдердин а/ч жерлери | 53,71 | 34,3 |
| 7 | 1.2 | Мамлекеттик менчиктеги а/ч | 4657,9 | 188,9 |
|  |  | багытындагы жерлер |  |  |
| 8 | 1.2.0 | Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү | 287,7 | 141,6 |
|  |  | фонду, бардыгы |  |  |
| 9 | 1.2.1 | Асыл тукум чарбалардын жерлери | 14,5 | 2,1 |
| 10 | 1.2.1.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин | 3,3 | 2,1 |
|  |  | кайра бөлүштүрүү фондунан |  |  |
| 11 | 1.2.2 | Үрөнчүлүк чарбалардын жерлери | 44,9 | 13,8 |
| 12 | 1.2.2.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин | 17,5 | 13,4 |
|  |  | кайра бөлүштүрүү фондунан |  |  |
| 13 | 1.2.3 | Окуу-тажрыйба, а/ч илимий-изилдөө | 2,4 | 1,4 |
|  |  | мекемелеринин жерлери |  |  |
| 14 | 1.2.3.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин | 0,6 | 0,6 |
|  |  | кайра бөлүштүрүү фондунан |  |  |
| 15 | 1.2.4 | Башка жер пайдалануучулардын жерлери | 107,9 | 7,8 |
| 16 | 1.2.4.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин | 2,1 | 1,8 |
|  |  | кайра бөлүштүрүү фондунан |  |  |
| 17 | 1.2.5 | Айыл өкмөттөрүнүн карамагындагы | 4323,4 | 70,8 |
|  |  | жерлер |  |  |
| 18 | 1.2.5.1 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин | 19,3 | 5,0 |
|  |  | кайра бөлүштүрүү фондунан |  |  |
| 19 | 1.2.5.2 | Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү | 80,1 | 26,4 |
|  |  | фондунун бөлүштүрүлбөгөн жерлери |  |  |
| 20 | 1.2.6 | анын ичинде Айыл чарба жерлерин | 164,8 | 92,3 |
|  |  | кайра бөлүштүрүү фондунан, ижарада |  |  |
| 21 | 2 | Калктуу конуштардын жерлери, | 254,3 | 129,2 |
|  |  | бардыгы: |  |  |
| 22 | 2.1 | анын ичинде жеке менчикте: | 175,4 | 120,0 |
| 23 | 2.1.1 | Айылдык калктуу конуштардын жерлери | 154,4 | 108,1 |
| 24 | 2.1.2 | Шаарлардын жана шаарчалардын жерлери | 21,0 | 11,9 |
| 25 | 2.2 | мамлекеттик менчикте | 29,0 | 2,4 |
| 26 | 2.2.1 | айылдык калктуу конуштардын жерлери | 14,8 | 1,2 |
| 27 | 2.2.2 | шаарлардын жана шаарчалардын жерлери | 14,2 | 1,2 |
| 28 | 2.3 | Муниципалдык менчикте | 49,9 | 6,8 |
| 29 | 2.3.1 | айылдык калктуу конуштардын жерлери | 26,3 | 0,7 |
| 30 | 2.3.2 | шаарлардын жана шаарчалардын жерлери | 23,5 | 6,1 |
| 31 | 3 | Өнөр жай, транспорт, байланыш, | 221,5 | 2,3 |
|  |  | коргонуу жана башка багыттагы |  |  |
|  |  | жерлер, бардыгы |  |  |
| 32 | 3.1 | анын ичинде жеке менчикте | 6,4 | 1,0 |
| 33 | 3.2 | мамлекеттик менчикте | 206,6 | 1,0 |
| 34 | 3.3 | муниципалдык менчикте | 8,5 | 0,2 |
| 35 | 4 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш | 532,3 | 1,9 |
|  |  | аймактарынын жерлери (мам.) |  |  |
| 36 | 5 | Токой фондунун жерлери (мам.) | 2710,1 | 13,4 |
| 37 | 5.1 | анын ичинде ижарада | 84,7 | 0,3 |
| 38 | 6 | Суу фондунун жерлери, бардыгы: | 767,4 | 0,5 |
| 39 | 6.1 | анын ичинде жеке менчикте | 0 | 0 |
| 40 | 6.2 | мамлекеттик менчикте | 767,4 | 0,5 |
| 41 | 7 | Запастагы жерлер (мам) | 9794,4 | 15,3 |
| 42 | 8 | Жерлердин бардыгы (1 + 2 + 3 + 4 + | 19994,9 | 1020,7 |
|  |  | 5 + 6 + 7) |  |  |
| 43 | 8.1 | анын ичинде жеке менчикте | 1238,8 | 790,2 |
| 44 | 8.2 | мамлекеттик менчикте | 18697,7 | 223,5 |
| 45 | 8.3 | муниципалдык менчикте | 58,4 | 7,0 |
| 46 | 9 | Администрациялык чегаралардын | 0 | 0 |
|  |  | сыртында пайдалануучу жерлер |  |  |
| 47 | 10 | Башка мамлекеттердин жер | 0,2 | 0,1 |
|  |  | пайдалануучулары колдонгон жерлер |  |  |
| 48 | 11 | Кыргыз Республикасынын | 19995,1 | 1020,8 |
|  |  | администрациялык чегарасындагы |  |  |
|  |  | бардык жерлер (8 - 9 + 10) |  |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 28-июлундагы

№ 403 токтому менен

бекитилген

2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын

жер фондун жерлердин түрлөрү боюнча

БӨЛҮШТҮРҮҮ

| № | Айыл чарбалык жана башка | Жалпы аянт | Анын ичинде |
| --- | --- | --- | --- |
|  | жерлердин түрлөрү | (мињ га) | сугат айдоо |
|  |  |  | (мињ га) |
| 1 | Айдоо | 1212,0 | 798,1 |
| 2 | Көп жылдык өсүмдүктөр, бардыгы, | 36,2 | 35,7 |
|  | анын ичинде: |  |  |
| 2а | бактар | 27,5 | 27,2 |
| 2б | мөмө бактар | 0 | 0 |
| 2в | жүзүмзарлар | 5,2 | 5,1 |
| 2г | мөмө-жемиш питомниктери | 0,3 | 0,3 |
| 2д | тыт плантациялары | 3,0 | 3,0 |
| 2е | башка өсүмдүктөр | 0,2 | 0,2 |
| 3 | Пайдаланылбай жаткан жерлер | 35,8 | 1,9 |
| 4 | Чабындылар | 172,4 | 8,6 |
| 5 | Жайыттар, бардыгы | 9174,4 | 30,3 |
| 5а | анын ичинде: маданий өсүмдүктөр, | 5,2 | 2,5 |
|  | түп-тамыры менен жакшыртылчу аянттарды |  |  |
|  | камтуу менен |  |  |
| 6 | Бардык айыл чарба жерлери | 10630,8 | 874,6 |
| 7 | Короо жанындагы жерлер, бардыгы, анын | 127,1 | 120,5 |
|  | ичинде: |  |  |
| 7а | айдоо | 64,9 | 63,2 |
| 7б | бактар жана башка көп жылдык өсүмдүктөр | 33,8 | 33,6 |
| 7в | башка а/ч жерлери | 28,4 | 23,7 |
| 8 | Коллективдүү: бактар | 3,4 | 1,3 |
| 9 | огороддор | 3,1ё | 2,8 |
| 10 | Бардык айыл чарба жерлери, анын ичинде: | 10764,4 | 999,2 |
| 11а | айдоолор | 1280,0 | 864,1 |
| 10б | көп жылдык өсүмдүктөр | 73,4 | 70,6 |
| 11 | Мелиорациялык даярдоо стадиясындагы жерлер | 14,3 | 0,8 |
| 12 | Токой аянттары | 1059,6 | 12,3 |
| 13 | Бак-бадал өсүмдүктөрү | 464,0 | 8,4 |
| 14 | Саз | 6,3 | \- |
| 15 | Башка жерлер (жолдор, коомдук курулуштар | 7640,8 |  |
|  | астында, короо астында) |  |  |
