# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-июлундагы № 404 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-июлундагы № 404 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 404
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12928/edition/328475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-июлундагы № 404 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" (28.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59305

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 28-июлу № 404

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"

категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жерлерди бир

категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун

(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган, Тоњ районунун Тоњ айылдык округунун

аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны Бейшенбаев Ак-

матка жеке менчик укугунда таандык 15,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан

жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу

жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу

кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып

коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуру-

унун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун

толтуруунун наркынын суммасын жаран А.Бейшенбаевдин төлөшүн камсыз кыл-

сын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
