Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери“ категориясына которуу жөнүндө»
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-июлу № 404
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"
категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жерлерди бир
категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун
(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-
рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-
калык комиссия менен макулдашылган, Тоњ районунун Тоњ айылдык округунун
аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны Бейшенбаев Ак-
матка жеке менчик укугунда таандык 15,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан
жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу
жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу
кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-
рациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып
коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуру-
унун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-
ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун
толтуруунун наркынын суммасын жаран А.Бейшенбаевдин төлөшүн камсыз кыл-
сын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон