# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын23-июлундагы № 397 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын23-июлундагы № 397 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 397
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12923/edition/328468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын23-июлундагы № 397 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59296

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 22-июлу № 397

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин ишке ашыруунун

натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жер учас-

токторун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

27-январындагы № 44 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо кирги-

зилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2 жана 3-3-пункттар менен толуктал-

сын:

"3-1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна айыл

чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алып коюуга байла-

ныштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркын

жоюуну 5 жылдын ичинде, биринчи жылы 2000000 (эки миллион) сом, кийинки

жылдары - тењ бөлүктөр менен төлөм жүргүзүүгө уруксат берилсин.

3-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун

3-1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруунун биринчи бөлүгү "Манас" эл

аралык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан төлөнгөндөн кийин

ага берилген жер участокторго укук ырастоочу документтерди берсин.

3-3. Инвестор ("Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого

инвестициялык конкурстун жењүүчүсү) "Манас" эл аралык аэропорту" ачык

акционердик коомуна ушул токтомдун алкагында айыл чарба өндүрүшүнүн жо-

готууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууга байланыштуу

тарткан чыгымдарга компенсациялоо жүргүзөөрү белгиленсин.";

- 4-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министри И.Чудинов
