# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 396 "Чакан ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 396 "Чакан ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 396
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12922/edition/760838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 396 "Чакан ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59295

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-июлу № 396

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Чакан ишкердик субъекттерине салык

салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө нускаманы

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 токтомуна өзгөртүү

киргизүү тууралуу

"Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн

системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-майындагы № 83 Мыйзамы-

на ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Чакан ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн

системасы жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 токтому менен бекитилген

Чакан ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы

жөнүндө нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"18. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын суммасы

тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө жыл

сайын кабыл алынуучу мыйзамында белгиленген өлчөмдө бюджетке чегери-

лет.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
