# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 395
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12921/edition/328466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу"токтом (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59294

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 22-июлу № 377

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн

мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамле-

кеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-

нистри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык

өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык

өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоо жана программалары системасынын мак-

сатын жана мазмунун аныктайт, көрсөтүлгөн болжолдоолорду жана програм-

маларды иштеп чыгуунун жалпы тартибин жөнгө салат.

Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана социал-

дык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларын иштеп чыгуунун негизги мак-

саты туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү, экономикалык коопсуздукту

камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо дењгээлин жого-

рулатуу болуп эсептелет.

1-статья. Бул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божо-

молу - бул алдыда боло турган мезгилге негизги болжолдоочу

көрсөткүчтөрдү жана максаттуу багыттарды көрсөтүү менен Кыргыз Респуб-

ликасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн багыттары, критерийлери,

принциптери, максаттары жана артыкчылыктары тууралуу илимий негизделген

көз караштардын системасы.

2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамле-

кеттик болжолдоо - бул кыска мөөнөткө, орто мөөнөткө жана узак мөөнөткө

өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык болжолдоолорун уставдык ка-

питалында мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашыгын түзгөн, мамлекеттик баш-

каруунун органдары, илимий-билим берүү уюмдары жана мекемелери, мамле-

кеттик ишканалары, чарбакер субъектери иштеп чыккан процесс.

3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамле-

кеттик программалаштыруу - бул мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан

кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттарды

түзүүчү, ага жетишүүнүн тартибин жана анын аткарылышына жооптуу орган-

дарды аныктоочу, ошондой эле каржылоонун булактарын аныктоочу процесс.

4. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү концепци-

ясы - бул узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалык

өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттарынын жана милдеттеринин көрүнүшү.

5. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратеги-

ясы - мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын стратегиялык мак-

саттары жана артыкчылыктары, эњ маанилүү багыттары жана орто мөөнөткө

көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруунун каражаттары тууралуу көз караш-

тар системасы.

6. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прог-

раммасы - өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүү чараларынын комплекстүү

системасы жана кыска мөөнөттүү мезгилге коюлган максаттарга жетишүүнүн

мамлекет тарабынан пландаштырылган натыйжалуу жолдору жана каражаттары.

2-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экоиомикалык

өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолорунун системасы

1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мам-

лекеттик болжолдоолорунун системасы төмөндөгүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн он жа-

на андан көп жылга узак мөөнөттүү болжолдоосу;

- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн үч

жылдан беш жылга чейин орто мөөнөттүү болжолдоосу;

- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кийин-

ки жылга кыска мөөнөттүү болжолдоосу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социал-

дык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү

жана кыска мөөнөттүү мезгилге болжолдоолорун (мындан ары - социал-

дык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор) иштеп чыгуунун тартибин анык-

тайт.

2. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бол-

жолдоосу тиешелүү мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети-

нин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет.

3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор Кыргыз Республика-

сынын демографиялык, интеллектуалдык абалын, илимий-техникалык күч-ку-

батын, топтолгон улуттук байлыгын, социалдык түзүмүн, тышкы абалын, жа-

ратылыш ресурстарынын абалын жана көрсөтүлгөн факторлордун өзгөрүүсүнүн

келечегин комплекстүү талдоо менен иштелип чыгат.

4. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор жалпы республика,

экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасыньш регион-

дору боюнча иштелип чыгат. Экономиканын стратегиялык маанилүү секторло-

рунун өнүгүүсүнүн болжолдоолору өзүнчө иштелип чыгышы мүмкүн.

5. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору демографиялык,

экологиялык, илимий-техникалык, тышкы экономикалык, социалдык, ошондой

эле тармактык, региондук жана иштин башка айрым коомдук маанилүү

чөйрөлөрүн болжолдоолорго негизделет.

6. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор ички жана тышкы

саясый, экономикалык, социалдык жана башка факторлордун таасир этүү

мүмкүндүгүн эске алуу менен бир нече вариантта иштелип чыгат.

Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө макроэкономика-

лык кырдаалдын, экономикалык түзүмдөрдүн, илимий-техникалык өнүгүүнүн,

тышкы экономикалык иштин, ИДПнын өсүү жана керектөө динамикасынын, жа-

шоо дењгээлин жана сапатын, экологиялык кырдаалдын, социалдык түзүмдүн,

ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан

коргоону камсыз кылуу системаларынын сандык көрсөткүчтөрүн жана сапат-

тык мүнөздөмөлөрүн камтыйт.

7. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мам-

лекеттик болжолдоолору кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак

мөөнөттүү мезгилдерде ишке ашырылышы мүмкүн.

Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн узак мөөнөткө болжолдоолору беш

жылда бир жолу он жана андан көп жылга иштелип чыгат. Беш жылда бир жо-

лу оњдолот.

Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөткө болжолдоолору үч

жылдан беш жылга чейинки мезгилге иштелип чыгат жана жыл сайын оњдолот.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак

мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү болжолдоолорунда Кыргыз

Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн варианттары такта-

лат, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мүмкүн

болгон максаттары, көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнүн жолдору жана кара-

жаттары аныкталат.

8. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон параметрлери Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын

социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик болжолдуу багытта-

ры болуп эсептелет.

9. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бол-

жолдоолору жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

3-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык

өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору

1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мам-

лекеттик болжолдоолору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган координацияла-

ган учурда ишке ашырылат.

2. Мамлекеттик болжолдоолордун катышуучулары болуп аткаруу бийли-

гинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-би-

лим берүүчү уюмдар жана мекемелер, мамлекеттик ишканалар, уставдык ка-

питалында мамлекеттин үлүшү 30%дан ашыгын түзгөн чарбакер субъекттер

эсептелет.

3. Кыргыз Республикасьшын социалдык - экономикалык өнүгүүсүн бол-

жолдоонун натыйжалары социалдык - экономикалык концепцияларды, страте-

гияларды жана программаларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруу бийлигинин органдары жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштеп чыгууда жана кабыл

алууда колдонулат.

4-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык

өнүгүүсүн болжолдоонун мазмуну

1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска

мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоолорунда

төмөндөгүлөр чагылдырылышы керек:

- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өткөн

мезгилдеги жыйынтыктарын баалоо жана Кыргыз Республикасынын азыркы

учурдагы экономикасынын абалын мүнөздөө, анын ичинде экономиканын

өнүгүшү үчүн тоскоол болуучу мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана корку-

нучтарды талдоо;

- макроэкономикалык саясаттын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана келечек мезгилге

экономиканын өсүшүн көбөйтүү боюнча аракеттерин чагылдыруучу бюджет-

тик-салыктык, акча-кредиттик жана валюта саясатынын негизги багыттары

жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргызстан элине, Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө карата кайрылууларында аныктаган өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы

стратегиясына жана артыкчылыктарына тийиштүү негизги багыттары;

- экономиканын стратегиялык тармактарында структуралык реформалар-

дын келечеги жана багыттары;

- тышкы экономикалык саясаттын негизги багыттары;

- инвестициялык саясатты өнүктүрүүнүн келечеги;

- экономиканын реалдуу секторун, анын ичинде өнөр жайын, айыл чар-

басын, курулушту жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн мүнөздүү

багыттары жана келечеги;

- алдыдагы мезгилге социалдык саясаттын негизги багыттары;

- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн саясаты;

- инвестициялык саясат;

- ишкердикти өнүктүрүү саясаты;

- экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо.

Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор болжолдонуучу негизги

социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана аларга жетишүүнү камсыз кы-

луунун параметрлерди, максаттуу багыттарды жана чараларды камтышы ке-

рек.

5-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык

өнүгүүсүн болжолдоолорун берүүнүн, кароонун жана

бекитүүнүн тартиби

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүү үчүн ыйгарым укуктуу мам-

лекеттик орган өлкөлүк, тармактык жана региондук болжолдоолордун неги-

зинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бирик-

тирилген болжолдоолорун түзөт.

2. Бириктирилген болжолдоо белгиленген тартипте Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн кароосуна берилет.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен социалдык-экономикалык

өнүгүүнүн болжолдоолору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тара-

бынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасынын министрликте-

рине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна, об-

лустук мамлекеттик администрацияларга жиберилет.

6-статья. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык

өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн

маалыматтарды так жана өз убагында берүүгө жоопкерчилик

Аткаруу бийлиги органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн

мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалымат берүүчү жетекчилери Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты так жана аны өз убагында

берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.

7-статья. Корутунду жоболор

1. Бул Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө төмөндөгүлөрдү:

- ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл болгон ченемдик укуктук акты-

ларды иштеп чыксын жана кабыл алсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
