# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 389 " Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын сактоо боюнча чаралар жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 389 " Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын сактоо боюнча чаралар жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 389
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12916/edition/1142533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 389 " Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын сактоо боюнча чаралар жөнүндө" (28.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59288

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 22-июну № 389

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын

сактоо боюнча чаралар жөнүндө

Маалыматтык коомчулукта тарыхый баалуулуктардын, уникалдуу маалы-

маттын булактары катары аудиовизуалдык документтердин өсүп келе жаткан

маанисинин эске алуу менен, мамлекеттик сактоодогу аудиовизуалдык доку-

менттерди сактоону камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Улуттук архив фондун аудиовизуалдык документтер менен толуктоо макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Менчигинин түрүнө карабастан аудиовизуалдык продукцияны чыгару-

учу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери:

- аудиовизуалдык документтердин милдеттүү нускасын жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык

мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүнү камсыздашсын;

- аудиовизуалдык документтерди Кыргыз Республикасынын Маданият жа-

на маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги орга-

нынын өкүлүнүн уруксатысыз жок кылууга тыюу салышсын;

- аудиовизуалдык документтердин ведомстволук архивдерде аларды

мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө чейин толуктугун жана сакталышын

камсыз кылышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин

алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги:

- аудиовизуалдык продукцияны чыгаруучу мекемелердин, уюмдардын жа-

на ишканалардын ведомстволук архивдеринде аудиовизуалдык документтердин

сакталышын контролдоону камсыз кылсын;

- мамлекеттик эмес уюмдардын, жеке коллекциялардын жана архивдер-

дин эсебинен архив фонддорун толуктоо боюнча иштерди активдештирсин;

- заманбап технологиялардын базасында аудиовизуалдык документтерди

реставрациялоонун алдынкы методдорун ишке киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарына ылайык сактоо боюнча чараларды аткаруу үчүн бюд-

жеттен тышкаркы каражаттарды тартуу боюнча иш жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив

агенттигине Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык мурастарын сактоо бо-

юнча иш-чараларды каржылоого жыл сайын каражат бөлүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын кинофотодо-

кументтер борбордук мамлекеттик архивин жайгаштыруу үчүн 1500 квадрат

метрден кем эмес аянты бар имаратты бөлүп берүүгө байланыштуу маселе-

лерди чечсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
