# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлдун № 388 " Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун маселелери"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлдун № 388 " Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун маселелери"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 388
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12915/edition/328460/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлдун № 388 " Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун маселелери"токтом (21.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59287

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 21-июлу № 388

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун

ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз

Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу

институтунун маселелери

Натыйжалуу илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табууларды камсыз

кылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз

Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин

маселелери" токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук

издеп табуу институту Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана

отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамле-

кеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтуна өзгөртүлүп

кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары

министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамлекеттик

илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө тиркелген

Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары

министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамлекеттик

илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтуна энергетика тарма-

гындагы мамлекеттик мааниси бар артыкчылыктуу илим-изилдөө жана долбо-

ордук-издөө иштерин аткаруу жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
