Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы „Энергодолбоор“ Кыргыз Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун маселелери»токтом
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 21-июлу № 388
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун
ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз
Мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу
институтунун маселелери
Натыйжалуу илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табууларды камсыз
кылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз
Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин
маселелери" токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук
издеп табуу институту Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана
отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамле-
кеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтуна өзгөртүлүп
кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамлекеттик
илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө тиркелген
Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз Мамлекеттик
илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтуна энергетика тарма-
гындагы мамлекеттик мааниси бар артыкчылыктуу илим-изилдөө жана долбо-
ордук-издөө иштерин аткаруу жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ведомстволук уюмдарынын…Постановление · 16.12.2016 · № 687 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуПостановление · 16.12.2016 · № 687