# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы №387 "Депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы №387 "Депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 387
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12914/edition/328459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы №387 "Депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүү жөнүндө" токтому (18.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59286

---

Бишкек ш,Өкмөт Үйү

2008-жылдын 18-июлундагы №387

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүү жөнүндө

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин

2008-жылдын 3-июлундагы № 149 буйругуна ылайык Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Депозиттерди коргоо боюнча агнттик (мындан ары-Агенттик)

түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республи-

касынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги бир айлык

мөөнөттө:

- Агенттик жөнүндө жобону иштеп чыгышсын жана белгиленген

тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш

башкармалыгы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте Агенттиктин

ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо

маселелерин, ошондой эле ушул токтомдон келип чыккан башка

маселелерди белгиленген тартипте чечишсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
