Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Актатыр айылдык округунун калктуу конушунун аймагын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө»токтом
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 17-июлу № 383
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун
Баткен районундагы Актатыр айылдык округунун
калктуу конушунун аймагын кењейтүү
үчүн жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына,
"Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасы-
на которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19
токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администра-
циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган, Ортобоз айылынын аймагын кењейтүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 0,12 га сугат айдоосун "Айыл чарба
багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" кате-
гориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администра-
циясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жай-
гашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен кам-
сыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Актатыр
айылдык округунун Ортобоз айылынын чегарасын белгиленген тартипте бе-
китүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон