# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы №379 " Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районундагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы №379 " Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районундагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 379
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12906/edition/328449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы №379 " Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районундагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө"токтом (15.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59278

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 15-июлу № 379

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура

районундагы калктуу конуштардын аймактарын

кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы

айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдардын тургундарынын

социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ко-

дексинин 4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башкасына

которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун)

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-

циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы

Кара-Буура районунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун

677,6 га жерин, анын ичинен 256,5 га жайытты жана 421,1 га сугат айдоо-

ну төмөнкү калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө

сунушу кабыл алынсын:

Ак-Чий айылдык округунун - 31,0 га жайытты;

Бакайыр айылдык округунун - 201,4 га, анын ичинен 71,4 га сугат

айдоону жана 130,0 га жайытты;

Бакыян айылдык округунун - 116,4 га, анын ичинен 100,6 га сугат

айдоону жана 15,8 га жайытты;

Бейшеке айылдык округунун - 37,5 га, анын ичинен 28,1 га сугат ай-

доону жана 9,4 га жайытты;

Кара-Буура айылдык округунун - 124,0 га, анын ичинен 113,0 га су-

гат айдоону жана 11,0 га жайытты;

Көк-Сай айылдык округунун - 55,0 га, анын ичинен 45,0 га сугат ай-

доону жана 10,0 га жайытты;

Шекер айылдык округунун - 112,3 га, анын ичинен 63,0 га сугат ай-

доону жана 49,3 га жайытты.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-

дагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына

которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-

циясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууну

каржылоо маселесин чечсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта за-

рыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну

эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы

Ак-Чий, Бакайыр, Бакыян, Бейшеке, Кара-Буура, Көк-Сай жана Шекер айыл-

дык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдык калктуу конуштардын че-

гараларын белгиленген тартипте бекитүүнү.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
