Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районундагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө»токтом
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 15-июлу № 379
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура
районундагы калктуу конуштардын аймактарын
кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы
айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдардын тургундарынын
социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ко-
дексинин 4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башкасына
которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун)
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-
циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы
Кара-Буура районунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун
677,6 га жерин, анын ичинен 256,5 га жайытты жана 421,1 га сугат айдоо-
ну төмөнкү калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө
сунушу кабыл алынсын:
Ак-Чий айылдык округунун - 31,0 га жайытты;
Бакайыр айылдык округунун - 201,4 га, анын ичинен 71,4 га сугат
айдоону жана 130,0 га жайытты;
Бакыян айылдык округунун - 116,4 га, анын ичинен 100,6 га сугат
айдоону жана 15,8 га жайытты;
Бейшеке айылдык округунун - 37,5 га, анын ичинен 28,1 га сугат ай-
доону жана 9,4 га жайытты;
Кара-Буура айылдык округунун - 124,0 га, анын ичинен 113,0 га су-
гат айдоону жана 11,0 га жайытты;
Көк-Сай айылдык округунун - 55,0 га, анын ичинен 45,0 га сугат ай-
доону жана 10,0 га жайытты;
Шекер айылдык округунун - 112,3 га, анын ичинен 63,0 га сугат ай-
доону жана 49,3 га жайытты.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-
дагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына
которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-
циясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууну
каржылоо маселесин чечсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта за-
рыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну
эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы
Ак-Чий, Бакайыр, Бакыян, Бейшеке, Кара-Буура, Көк-Сай жана Шекер айыл-
дык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдык калктуу конуштардын че-
гараларын белгиленген тартипте бекитүүнү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон