# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12905/edition/328448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" токтому (15.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59277

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 15-июлу № 378

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван

районунун Тепе-Коргон айылдык округунун калктуу

конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди

которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон

айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдардын тургундарынын социал-

дык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин

4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун

же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-январындагы N 19 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-

миссия менен макулдашылган, Ош облусундагы Араван районунун Айыл чарба

жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун Тепе-Коргон айылдык округунун айма-

гында жайгашкан 22,0 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер"

категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу

жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинен төмөнкүлөрдүн аймактарын

кењейтүү үчүн:

- Интернационал айылын - 14 га";

- Уйгур-Абад айылын - 4,0 га;

- Жањы-Абад айылын - 4,0 га.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууну

каржылоо маселесин чечсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жай-

гашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен кам-

сыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон

айылдык округунун аймагында жайгашкан Интернационал Уйгур-Абад жана

Жањы-Абад калктуу конуштарынын айылдарынын чегараларын белгиленген тар-

типте бекитүүнү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
