Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 15-июлу № 378
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван
районунун Тепе-Коргон айылдык округунун калктуу
конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди
которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон
айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдардын тургундарынын социал-
дык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин
4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун
же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-январындагы N 19 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-
миссия менен макулдашылган, Ош облусундагы Араван районунун Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун Тепе-Коргон айылдык округунун айма-
гында жайгашкан 22,0 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер"
категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу
жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинен төмөнкүлөрдүн аймактарын
кењейтүү үчүн:
- Интернационал айылын - 14 га";
- Уйгур-Абад айылын - 4,0 га;
- Жањы-Абад айылын - 4,0 га.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууну
каржылоо маселесин чечсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жай-
гашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен кам-
сыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон
айылдык округунун аймагында жайгашкан Интернационал Уйгур-Абад жана
Жањы-Абад калктуу конуштарынын айылдарынын чегараларын белгиленген тар-
типте бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон