# "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов атындагы айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" 2008-жылдын 15-июлундагы № 377 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов атындагы айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" 2008-жылдын 15-июлундагы № 377 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 377
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12904/edition/328447/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов атындагы айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" 2008-жылдын 15-июлундагы № 377 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому (15.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59276

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 15-июлу № 377

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука

районундагы Т.Балтагулов атындагы айылдык округунун калктуу

конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы

Т.Балтагулов атындагы айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдардын

тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республи-

касынын 4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категория-

дан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансфор-

мациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-

нистрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райо-

нунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 67,3 га жерин, анын

ичинде 52,3 га сугат айдоону жана 15,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан

жерди Т.Балтагулов атындагы айылдык округунун калктуу конуштарынын ай-

мактарын кењейтүү үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан

"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу ка-

был алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-

нистрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууну

каржылоо маселесин чечсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта за-

рыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну

эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы

Т.Балтагулов атындагы айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдык

калктуу конуштардын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
