# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 376
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12903/edition/968350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59275

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 14-июлу № 376

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция

кызматынын маселелери

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө

каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын жана

ыйгарым укуктарын иретке келтирүү жөнүндө" жана 2008-жылдын 10-июнунда-

гы № 200 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө"

жарлыктарын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын органдарын-

да кызмат өтөө жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын башкаруу

схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин штаттык санда-

рын - 207 бирдикке, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуз-

дук комитетин - 42 бирдикке кыскартуунун эсебинен Кыргыз Республикасы-

нын Финансылык полиция кызматынын чектелген штаттык саны 569 санда

(тейлөөчү персоналды кошпогондо) белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети эки айлык мөөнөттө:

- изин суутпай-издөө иштерин жана кылмыштын экономикалык түрлөрү

боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүчү подразделениелерден функцияларды жана

ыйгарым укуктарды, ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн сандагы штат-

тык бирдиктерди, каралган финансылык каражаттарды, ошондой эле тиешелүү

материалдарды жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын Финансылык поли-

ция кызматына өткөрүп беришсин;

- бул токтомдон келип чыгуучу жана жобого, түзүмгө жана штаттык

санына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган тиешелүү чечимдердин долбоорло-

рун иштеп чыгышсын жана киргизишсин;

- өзүлөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Финансылык полиция кызматына Кыргыз Республикасынын Ички иштер ми-

нистрлигинен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук ко-

митетинен штаттарды өткөрүп берүү менен байланышкан чыгымдар сметасына

тиешелүү өзгөртүүлөрдү, андан ары белгиленген тартипте "Кыргыз Респуб-

ликасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы №

12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, Өрткө каршы мамлекеттик кызматы-

нын, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу сис-

темасынын, бањгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетек-

чилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын

эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

полиция" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызма-

ты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине,

ички иштер, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, финансылык полиция,

атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, бањгизаттарды

контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдар-

га, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие

дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

8-пункттун "б" пунктчасынын экинчи абзацында "Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясынын директору" деген сөздөр

"Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы" деген

сөздөргө алмаштырылсын;

бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр тиешелүү

жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген

сөздөргө алмаштырылсын;

Жобого № 4 тиркеменин 3-пунктунун "г" пунктчасында "Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр "Кыргыз

Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөргө алмаштырыл-

сын.

6. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

кызматынын туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү

жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык по-

лиция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Фи-

нансылык полиция кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция кызматынын туусунун баяндамасында

аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр тие-

шелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы"

деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

кызматынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенса-

циянын нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

14-июнундагы № 434 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция" деген сөздөр "Кыргыз Рес-

публикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясы-

нын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

11-майындагы № 171 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын маселе-

лери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 274 токтому.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 14-июлундагы

№ 376 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция

кызматынын башкаруу

СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын | --------- ------------ |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Финансылык полиция кызматы |  | --\> | Жетекчилик |  |  |
| \--------------------- | \------------------- | --\> | Коллегия |  |  |
| Бишкек шаары боюнча | \<-- | --\> | Чүй облусу боюнча |  | \------------ |
| ФПК башкармалыгы |  |  | ФПК башкармалыгы |  | \------------ |
| \--------------------- | \------------------- |  | Борбордук |  |  |
| \--------------------- | ------------------- ---\> | аппарат |  |  |  |
| Ыссык-Көл облусу |  |  | Жалалабат облусу | \------------ |  |
| боюнча ФПК | \<-- | --\> | боюнча ФПК |  |  |
| башкармалыгы |  |  | башкармалыгы |  |  |
| Нарын облусу боюнча | \<-- | --\> | Ош облусу боюнча |  |  |
| боюнча ФПК |  |  | ФПК башкармалыгы |  |  |
| башкармалыгы |  | \------------------- |  |  |  |
| \--------------------- |  | Баткен облусу |  |  |  |
| Ош шаары боюнча ФКП | \<-- | --\> | боюнча ФПК |  |  |
| башкармалыгы |  |  | башкармалыгы |  |  |
|  |  |  |  |  |  |

v v

| Талас облусу боюнча |  | Райондук, облустардын |
| --- | --- | --- |
| ФПК башкармалыгы |  | райондор аралык бөлүмдөрү |
