# КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 11-июлу № 375 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу".

- Толук аталышы: КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 11-июлу № 375 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу".
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 375
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12901/edition/372712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 11-июлу № 375 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу". (18.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59272

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-июлу № 375

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо

киргизүү тууралуу

Натыйжалуу экономикалык саясат жүргүзүү, аткаруу бийлигинин орган-

дары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл

алынган ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын регулятив-

дик таасирине талдоо киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентине төмөнкү-

дөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 56-пунктунда:

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Макулдашуучу кењешменин протоколдорун (алар болгон учурда), пи-

кирлердин матрицасын тиркөө менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн макроэкономикалык

көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизген актылардын долбоорлору, ошондой эле

регулятивдик таасирди талдоонун натыйжаларынын негизинде таризделген

түшүндүрмө катты тиркөө менен ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуу-

чу актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Эконо-

микалык өнүктүрүү жана соода министрлигине макулдашууга жиберилет.";

төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-

лиги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тиешелүү чечимдердин таасирине

баа берет жана ишкердик субъекттеринин ишине карата регулятивдик таа-

сирге жүргүзүлгөн талдоону берет. Мында бул маселелер боюнча актылардын

долбоору оњ корутунду алганда гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ка-

роосуна киргизилет.".

Премьер-министри И.Чудинов
