# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 " Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 " Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12900/edition/743372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 " Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө"токтом (29.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59271

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-июлу № 374

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө

"Озон катмарын коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында тышкы

соода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына ылайык, Монреаль протоколу боюнча Кыргыз Республикасы-

нын милдеттенмелерин аткарууну андан ары камсыздоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2008-2010-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында озонду бузуу-

чу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программа (2-фазасы)

бекитилсин.

2. Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик

программаны ишке ашырууга байланыштуу иштерди координациялоо боюнча Ве-

домстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилсин:

- 2008-жылдын 1-июнунан тартып - колдонуунун өзгөчө түрлөрүнөн

(жарандык авиация, аскердик техника) сырткары галлондорду жана галлон-

дорду камтуучу жана/же колдонуучу жабдууларды импорттоого;

- 2008-жылдын 1-сентябрынан тартып - продукцияларды карантиндик

тазалоо жана аны ташуунун алдында тазалоо үчүн колдонуудан тышкары

бромдуу метилди импорттоого.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республи-

касында озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу графигин бардык та-

ламдаш юридикалык жана жеке жактарга чейин жеткирсин.

5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республи-

касынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүүнүн альтернативдүү сис-

темаларына өтүү максатында галлондорду колдонуучу өрт өчүрүү системала-

ры үчүн Өрт өчүрүүнүн заманбап методдору боюнча методикалык рекоменда-

цияларды иштеп чыгышсын.

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз

Республикасында альтернативалуу, озон жагынан коопсуз медициналык дози-

ровкаланган ингаляторлорго өтүү Стратегиясын иштеп чыксын жана бекит-

син.

7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы

боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте озон катмарын сактоо пробле-

малары жана калкты жогорку ультракызгылткөк нурлануудан коргоо методдо-

ру жөнүндө коомчулукка маалымдоону камсыз кылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз

Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасы-

нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-

лекеттик агенттик менен бирдикте гидрохлорфтордуу кычкылтектер жана жа-

ратылыштык муздатуучу агенттер менен иштөөчү муздатуучу жабдууларды оњ-

доо жана тейлөө боюнча адистерди окутуу жана сертификациялоо система-

сын, ошондой эле уулуу препараттар, альтернативалуу бромдуу метил менен

иштөөгө адистерге жол берүү системасын колдонууга киргизсин.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-июлундагы

№ 374 токтому менен

бекитилген

Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча

Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу менен

байланышкан иштерди координациялоо боюнча

Ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ

Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар-

басы боюнча мамлекеттик агенттиктин директо-

ру, комиссиянын төрагасы;

Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-

нистринин орунбасары, комиссиянын төрагасы-

нын орунбасары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү

жана соода министринин орунбасары;

Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо

министринин орунбасары;

Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жа-

на кайра иштетүү өнөржай министринин орун-

басары;

Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин

орунбасары;

Иванников А.Г. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана

илим министринин орунбасары;

Аскаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча

мамлекеттик агенттиктин директору;

Боотаев Т.Е. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы

комитетинин бажы контролун уюштуруу баш-

кармасынын начальниги;

Исмаилов И.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты-

нын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты

пайдалануу бөлүмүнүн эксперти.

Эскертүү:

Комиссиянын мүчөлөрү башка жумушка өткөндө алдардын кызмат орунда-

рына дайындалган мамлекеттик кызматчылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн тийиштүү чечимисиз эле ошол комиссияда өз ишин жүргүзө берет.
