Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө»токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 июля 2016 года № 419 "Об утверждении Программы по прекращению использования озоноразрушающих веществ на период 2016-2020 годы (Фаза 3)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-07-29.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-июлу № 374
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында тышкы
соода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык, Монреаль протоколу боюнча Кыргыз Республикасы-
нын милдеттенмелерин аткарууну андан ары камсыздоо максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2008-2010-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында озонду бузуу-
чу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программа (2-фазасы)
бекитилсин.
2. Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик
программаны ишке ашырууга байланыштуу иштерди координациялоо боюнча Ве-
домстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилсин:
- 2008-жылдын 1-июнунан тартып - колдонуунун өзгөчө түрлөрүнөн
(жарандык авиация, аскердик техника) сырткары галлондорду жана галлон-
дорду камтуучу жана/же колдонуучу жабдууларды импорттоого;
- 2008-жылдын 1-сентябрынан тартып - продукцияларды карантиндик
тазалоо жана аны ташуунун алдында тазалоо үчүн колдонуудан тышкары
бромдуу метилди импорттоого.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республи-
касында озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу графигин бардык та-
ламдаш юридикалык жана жеке жактарга чейин жеткирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республи-
касынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүүнүн альтернативдүү сис-
темаларына өтүү максатында галлондорду колдонуучу өрт өчүрүү системала-
ры үчүн Өрт өчүрүүнүн заманбап методдору боюнча методикалык рекоменда-
цияларды иштеп чыгышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз
Республикасында альтернативалуу, озон жагынан коопсуз медициналык дози-
ровкаланган ингаляторлорго өтүү Стратегиясын иштеп чыксын жана бекит-
син.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы
боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте озон катмарын сактоо пробле-
малары жана калкты жогорку ультракызгылткөк нурлануудан коргоо методдо-
ру жөнүндө коомчулукка маалымдоону камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-
лекеттик агенттик менен бирдикте гидрохлорфтордуу кычкылтектер жана жа-
ратылыштык муздатуучу агенттер менен иштөөчү муздатуучу жабдууларды оњ-
доо жана тейлөө боюнча адистерди окутуу жана сертификациялоо система-
сын, ошондой эле уулуу препараттар, альтернативалуу бромдуу метил менен
иштөөгө адистерге жол берүү системасын колдонууга киргизсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-июлундагы
№ 374 токтому менен
бекитилген
Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча
Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу менен
байланышкан иштерди координациялоо боюнча
Ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар-
басы боюнча мамлекеттик агенттиктин директо-
ру, комиссиянын төрагасы;
Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-
нистринин орунбасары, комиссиянын төрагасы-
нын орунбасары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү
жана соода министринин орунбасары;
Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо
министринин орунбасары;
Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жа-
на кайра иштетүү өнөржай министринин орун-
басары;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин
орунбасары;
Иванников А.Г. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана
илим министринин орунбасары;
Аскаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча
мамлекеттик агенттиктин директору;
Боотаев Т.Е. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы
комитетинин бажы контролун уюштуруу баш-
кармасынын начальниги;
Исмаилов И.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты-
нын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты
пайдалануу бөлүмүнүн эксперти.
Эскертүү:
Комиссиянын мүчөлөрү башка жумушка өткөндө алдардын кызмат орунда-
рына дайындалган мамлекеттик кызматчылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн тийиштүү чечимисиз эле ошол комиссияда өз ишин жүргүзө берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 "2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программаны (3-фаза) бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2016 · № 419 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу" токтомуПостановление · 07.08.2012 · № 553 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 токтомуПостановление · 29.07.2016 · № 419
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 "2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программаны (3-фаза) бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2016 · № 419 · Күчүн жоготкон