Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы жерлерди которуу жөнүндө» токтому
Бишкек ш, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 9 июлундагы № 367
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы
жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына,
"Табийгый кырсыктан жабыркаган калкты турак жай менен камсыздоо,
Кыргыз Республикасынын аймагында табийгый кырсыктардын алдын
алуу жана локалдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-августундагы
№ 359 токтомуна ылайык, үй-бүлөлөрдү коркунучтуу зоналардан
көчүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администра-
циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча респуб-
ликалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын
Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жайгашкан 82,0 га жерди
которуу жөнүндө сунуш кабыл алынсын, анын ичинде:
- Жылалды айылдык округунун аймагында жайгашкан Өзгөн токой
чарбасынын 55,0 га жерин "Токой фондунун жерлери" категориясынан
"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 27 га айдоосун,
анын ичинде Жалпак-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан
22,0га кайрак ойдоону жана Куршаб айылдык округунун аймагында
жайгашкан 5,0 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер"
категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Өзгөн токой чарбасынын
55,0 га жеринин ордуна Кыргыз Республикасынын Ош облусунун
Өзгөн районундагы Заргер айылдык округунун аймагында жайгашкан
15,0 га ургалдуу жайыт жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер"
категориясынан "Токой фондунун жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администра-
циясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта
жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар
менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин
иштеп чыгууну;
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды,
Жалпак-Таш жана Куршаб айылдык округдарынын аймагында жайгашкан
айылдык калктуу конуштардын чегараларын белгиленген тартипте
бекитүүнү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты
пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-августундагы № 359 " Табигый кырсыктан жабыркаган калкты турак жай менен камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагында табигый…Постановление · 23.08.2007 · № 359 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон